Кирүү

Анатай Өмүрканов. Таңкы тоолор

Көгөрүп асман аз-аздан,
Аскага ай нур себелеп–
Тамылжып барып таңы аткан
Таңкы тоо укмуш, керемет.

Кез болбос үрүл-бүрүлдөй,
Үргүлөп тоолор термелип–
Периште куштун үнүндөй
Үн келет сыйкыр өңөрүп.

Апаппак болуп ааламга
Акшумкар конуп калгандай...
Тирүүлөр үчүн бир башка
Кудурет курган сайрандай.

Шаң чачып тоолор шаңкаят
Каймактан калпып алгандай–
Аруу нур канды кайнатат
Кол эмес көзгө кармалбай.

Кайратты бүлөп кандагы
Кан болуп канда жарышкан–
Керемет тоолор таңдагы
Келгендей учуп кайыптан.

Таңкы тоо аппак, апаппак
Асманда тилим булут жок–
Жатсам дейм аны кучактап
Жахандан келген нур окшоп...

Ой-пикирлер