Мидин Алыбаев. Ала-тоого
Кереметтүү сен атасың-энесиң,
Салыштырып сага ким жер теңесин.
Көңүл толкуйт, көркөмүңдү көргөндө.
Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң.
Ырым менин, сенин демиң эмеспи
Шыктанамын, минип кыял кемесин.
Карааныңдан кагылайын Ала-Тоо,
Калкып жаткан кандай сонун немесиң?!
Качан жүрөк кагышынан танганда,
Бир тартылып өтүп кетээр элесиң
Бир тартылып өтүп кетээр элесиң...
Өс алтын тоо! Өзүм өскөн турагым,
Уяң болбо улуу жолуң улагын,
Жымың-жымың жылдыз болуп жылжысын,
Канга дары, каштай тунук булагың.
Ай ааламдын мунарасы болуп кал,
Аз калса да асманга тий турбагын!
Ээрчий берсең, бир сонунга жетесиң,
Улуу орустун Волга менен Уралын.
Улуу орустун Волга менен Уралын...
- Токтогул Сатылганов. Насыят
- МИДИН АЛЫБАЕВ. АЙТЧЫ ЖАНЫМ
- Тоголок Молдо. Кемчонтой (поэма)
- Барпы Алыкулов. Гүл кыздар
- Мидин Алыбаев. Кошоматчы
Ой-пикирлер