Кирүү

Жолон Мамытов. Акынга

Кайдадыр ооган мисал шаттык, күлкү,
Ырас, ой–бул курактын болду мүлкү.
Азгырып аз кылактайт эмнегедир
Кыраңдан кумар аттуу кызыл түлкү.

Андайда сен уңкүйбө, ойлон, көшөр.
Сейректеп турмушуңдан ырдуу нөшөр.
Санааңдын салмактанган булуттары
Себепсиз өткүндөбөй сырдуу көчөөр.

Жалтанбай тик караган көзү күндү
Уялап алган рух бар сезимиңди.
Олуттуу бул курагың шарттагансыйт
Ар жолку ошол ойго кезигүүңдү.

Милдетин ата конуш элдин, жердин
Алгансың, акындыгың–ага белгиң.
Сууңду чачсын, кечсин, бурсун-койсун,
Буурул чач дайра болуп ага бергин.

Айлуу түн шоокумуңдан сени билсин,
Нук алсын, жээктериң жемирилсин.
Задиңден, өжөр бүткөн агымыңдан
Гранит тоо түптөгү кемирилсин.

Акыным, мезгилиңдин бол сынында,
Жылдыздар аласалсын толкунуңда.
Сен пенде болгон менен бир жөнөкөй
От кошот сенин ырың зор кылымга.

Ой-пикирлер