Мидин алыбаев. сүйгөнүмдүн сүрөтүнө
Кыйнабачы жүрөктөгү жарадай,
Кылгырбачы, койчу, мени карабай.
Же күлүп кой, же кирпигиң ирмечи,
Куса болдум сагынганым тарабай.
Үн жок, сөз жок томсоросуң турасың,
Ыйлап-ыйлап улутунган баладай.
- Анатай Өмүрканов. Таңкы тоолор
- Жаштарга
- Шайлообек Дүйшеев. Аптап
- Алыкул Осмонов. Маляр
- Жолон Мамытов. Махаббат дабасы
Ой-пикирлер