Кирүү

Токтогул Сатылганов. Айланган тоонун бүркүтү

Күн тийбес тамда жатамын
Күч кетип, эс ооп, алсырап,
Алдымдан ымдуу сыз өтөт
Айласыз жатам жалдырап,
Козголор менде дарман жок
Кол, бутта кишен шалдырап,
Тим жатсам дале сабашат
Тил билбей солдат балдырап,
Арачалар адам жок,
Аябай эстен тандырат.

Айланган тоонун бүркүтү
Ак жерден торго чалындым.
Комузду күүгө келтирген
Колума кишен салындым.
Ойлонуп түшкө кирбеген
Көркоолорго багындым.
Айланайын тийбе–деп
Айласыздан жалындым.
Кысталгандан өлсөм дейм,
Кымбатын кыйбайм жанымдын.
Күү чертип эркин сайраган
Күкүк элем, наалыдым.
Күжүрмөн тынбай чуркаган
Күлүк элем, талыдым,
Кор болбой турган алтын баш
Күйүттө жүрүп карыдым,
Көз жашын эстеп ич күйөт
Сүйүшүп алган жарымдын.
Он жашар жалгыз баламды
Ойлонуп күндө сагындым,
Зарлантып койгон күнөөсүз
Заманага тарындым.

Ой-пикирлер