Токтосун Самудинов. Кайда укташат? (бешик ыры)
– Мамалактар кайда укташат?
– Токойдогу чээнинде.
– Каз-өрдөктүн балдарычы?
– Көк ирим көл жээгинде.
Кичинекей кенгурулар
Чөнтөктөрдө укташат.
Пил балдары үргүлөшүп,
Бир бирине ыкташат.
Жарганаттын балдары уктайт
Жар бооруна асылып.
Көпөлөктөр көшүп калган
Жалбыракка жашынып.
Кыр-кыр этет бала мышык
Жумшак жаздык үстүндө.
Чычкандардын балдары уктайт
Капкараңгы түпкүрдө.
Ойноймун деп, сен алардын
Уйкуларын бузбагын.
Кана, бөпөм, бүттү жомок,
Эми, сен да уктагын!
- Жолоочу Рысбаев. Пил
- Мидин Алыбаев. Насирдин Байтемировго
- Барпы Алыкулов. Аккан суу
- Токтосун Самудинов. Тошунун жообу
- Абзий Кадыров. Самап калдык
Ой-пикирлер