Кирүү

Ысмайыл Борончиев. Кош, Алымкул

Кош, Алымкул дүйнөдө
Өлүм деген бар экен.
Аласасы келгенде,
Абыдан алды тар экен.
Алыбыз жетпей ажалга,
Айрылдык сизден, Алыкем.
Табигат берген күч менен,
Таалайлуу өсүп-өндүңүз
Убактылуу өмүрдөн
Учу-кыйрын көрдүңүз.
Ала-Тоонун байлыгын,
Ырдап жүрүп көрдүңүз.
Арасында чалкалап,
Жыргап жүрүп көрдүңүз.
Ар бурчуна Советтин
Барып жүрүп көрдүңүз.
Албан түрлүү сыйлыкты,
Алып жүрүп көрдүңүз.
Ак шумкардай булутта
Айланып жүрүп көрдүңүз.
Ар шайлоодо депутат,
Шайланып жүрүп көрдүңүз.
Ажалга айла жок экен,
Амалсыздан көндүңүз,
Аягы Талас, башы Чүй,
Эл чогулду сиз үчүн.
Эзилип ичи кайгыда,
Эмгеги сиңген киши үчүн.
Ыйласак укпайт шум ажал,
Ыраазы бол биз үчүн.

Туулуп-өскөн жер калды,
Туугандар калды, эл калды.
Кучакташып тең өскөн,
Курбу-курдаш тең калды.
Асмандан тийген ай калды,
Ажалдын огу ушундай,
Алаксытууга шай барбы?

Аркайган зоо тор калды,
Чалкайган деңиз көл калды.
Каналдан суусу кылкылдап,
Кайкалаган чөл калды.

Келгиндер келет жазында
Кээ бирөө бактын башында.
Топурак ысып, гүл жайнайт
Толгон токой куш сайрайт.
Биз да ошондой дүйнөнүн,
Келгиндери экенбиз,
Келипбиз, бир күн кетээрбиз.

Санап-санап отурсак,
Замандар өткөн экен да.
Залкар-залкар нечен бир,
Адамдар өткөн экен да.

Көрбөй калдык далайын,
Көп акындар өтүптүр,
Көңүлүңөргө салайын.

Келдибек менен Тыныбек,
Чоюке, Шапак, Дыйканбай.
Тарыхын кыргыз эл билет,
Караңгылык доорунда,
Калкта билим жогунда,
Баатыр Кыргыздан ооп казакка
Кыйналгандан жөнөдү.
Каардуу заман болбосо
Карыптын күнүн көрөбү?
Ар кимден, уктум Чөжөнү,
Артык экен өнөрү.
Ала-тоолук энелер,
Алптардын алпын төрөдү.

Манасын айтса түгөнбөй,
Маңдай-тескей эки өзөн.
Кошулуп аккан үйөрдөй,
Жайы-кышы айтса түгөнбөй.
Жанаша дайра көк муздар,
Жарылып аккан үйөрдөй.
Баласы экөө тең ырдап,
Балык кетти калкынан.
Айныбай тарткан атасын,
Айманбай кетти артынан,
Куу өлүмдөн алар да,
Кутулбаптыр карзынан.
Эркиндиктин таңынан,
Элдик кыймыл жагынан.
Эч кабар жок буларда,
Көз каранды болушкан.
Көбүнчө залим кууларга,
Ээрчишкен эки бүркүттөй,
Тумчугуп өткөн туманда.

Жазгы келген булбулдай,
Жаңыдан үнүн ачканда:
Аттан озгон кунандай
Алыс келе жатканда
Бөрүбай уулу Жаманкул
Бөлүнүп учту булуттай,
Көрүп-билип калгандар,
Көп айтып жүрөт унутпай.

Абдыкерим, Мысакан,
Аз көрүп калдым Борбуну,
Ысаканга ич күйөт,
Ирдентпей сокту шордууну.
Сумсайып ажал жеткенде,
Алыке, сунуптурсуң мойнуңу.
Сары өзөн Чүйдүн башынан,
Санжыргалдуу сөздөрү.
Сайдагы суудай ташыган,
Жашыл-Көлдүн жанынан.
Кайран Ысак Молдону
Казак-кыргыз тааныган.
Кандуу жылдын маалында,
Кашкардан бери ырдаган.
"Кайран эл" деп ошондо,
Каламы экөө ыйлаган.
Коп өнөрү бар экен,
Көөдөнүнө сыйбаган.
Омурулган чынардай,
Ошонун баары кыйраган.

Көл боюнда туулуп,
Көп жерге даңкы угулуп.
Күү чалган темир комузга
Күңгөйдөн чыккан чоң устат
Күндө оюн, селкинчек,
Күлксү элге бир нуска.
Бурулча жүргөн буластап,
Кала берди а дагы
Кара жерди кучактап.

Ысык-Көлдүн жээгинде
Канча бир күн-түн ырдаса,
Калк тажабай кебинен,
Оргочордун жанынан.
Солтобай кетти Бугудан,
Солуган гүлдөй шалкайып,
Сонундун баары куруган.
Көөдөнүңө Алыке,
Көп алтын кетти уюган.
Сагынбай кетти Кочкордон,
Таңдайын таттуу жараткан,
Сайрагысы келгенде,
Санаты бүтпөй таң аткан.
Салмагы элден кем эмес,
Сайрандаш эли Ала-Тоо
Сагынбай койчу ал эмес.
Кудайберген, айрыкча,
Кубултуп черткен комузду.
Жактырбай, жаман көрчү экен,
Бай-манап эски болушту.
Андыктан элге батпаган,
Эшигиңди ачпа деп,
Эки жакка баспа деп,
Үстүртөн бийлеп манаптар,
Үй түрмө кылып таштаган.
Өнөрүн элге чача албай,
Өрттөнүп ичи шакардай,
Өнөрүнүн баарысын,
Өзөгүнө сактаган.

Кадыры элге байкалбай,
Каалаган сөзүн айталбай,
Музооке өткөн муңданып,
Элдин залкар акыны.
Эмгегин окуп турбадык.
Кала берди ар жерде,
Карыштай бөзгө чулганып.
Азыркы доорго кез келсе
Ачпайт белек кендерин,
Албайт белек бергенин,
Жакшы да билбей калышкан,
Жаратылышка келгенин.
Акындыгы бар экен,
Аванга өтө даана эксн.
Ат-Башылык Боогачы,
Арбын аял алам деп,
Азапка кетти өз башы.
Бай-манап билген заманда,
Баш ийбей туура сөз сүйлөп,
Пайдасы тийген далайга,
Карыптарды жактаган.
Кандай, бектен, залимден,
Калтаарып жаздым айтпаган.
Оозунан чыккан сөз үчүн,
Ок келатса кайтпаган.
Көкөтай кетти Нарындан,
Көкөндүн сөзү куулардын,
Көзүнө тийген чагылган.
Көкөтай жөн жүрсүн деп,
Көп жыйынга салынган.
Өлбөсүн Көкөм, бали деп,
Өксүгү барлар жалынган.
Көкөтайдын дүбүртү
Көп эле жерге таанылган.
Алы келбей жанына,
Ажалдын түшүп кайырмагына,
Алар да бир күн чалынган.
Токсонго жашы толгончо,
Томуктай маалы болгончо
Токтобогон калеми,
Толук билет Ала-Тоо
Тоголок Молдо абамы.
Тооруп, жүргөн ажалдын,
Торуна кирген а дагы.

Кубантып элди күлдүрүп,
Кучакташыл бир жүрүп,
Куйручук менен кошулуп,
Айдаке кетти Жумгалдан,
Ажалдан буйтап ким калган.
Кубулжутуп күү чалган,
Куу жыгачка тил салган.
Курман болуп согушта
Кулмамбет кетти Жумгалдан,
Куу өлүмдөн ким калган?

Жашында ырдап жаркылдап,
Жар чакырса заңкылдап,
Жамбыл көрүп жактырган,
Тойдо, ашта, көп жерде
Токтогул менен бастырган.
Тоорушам деген ырчынын
Тргузун жалгыз шаштырган.
Узун Кабак, Жумгалдан,
Ушул биздин доордо
Улуу куш эле бир албан.
Калык кетти катардан
Кайран сонун асылдар
Кайрылбас болду сапардан.

Калк унутпайт эмгиче,
Калмурат, Сыртбай, Мусаны,
Алтындан баалуу нечен бир
Асылдар колдон узады.
Калк тааныган сонундан,
Канчалар колдон узады.

Каз-өрдөктөй кулпунуп,
Карганча кооз жасанган.
Салмагы да ошондой,
Салттуу кары атанган.
Карыганда коштоштук,
Кайран Молдобасандан,
Жорголордун далайы
Жоголуп кетти катардан.

Куйма кулак, кара тил,
Укканы жерде калбаган.
Улуу нуска сөздөрдү
Улап сүйлөп жалгаган.
Көкөтайдын кептерин,
Көкөтайдай кыргызда,
Кимдер сүйлөп кеткенин,
Көңүлүнө жаттаган,
Бирге жүргөн эмедей,
Бир сөзүн жаздым айтпаган
Тың сүйлөгөн киши эле,
Тыныбектин Актаны.
Кайда барса кетирбей,
Калк үйүлүп жатканы.
Калк түгүл кара чымын жок,
Кабар алар ыгың жок,
Караңгы көрдүн түбүндө,
Кала берди баштары.
Эмгекке өлүм жок экен,
Элинде калды жазганы.

Таластын Атай чыкты эле,
Таңшытып комуз чертишке,
Таасын эле, мыкты эле,
Күңгөйдөн Карамолдо эле.
Күүнүн алпы болду эле.
Карамолдо өлгөндө,
Кайышып турдук көмгөндө.
Комузчу Атай өлгөндө,
Кордугу кыйын шум ажал
Кол барбай турду көмгөнгө.

Жарашыктуу жакшы мүлк,
Кыргыздын кыл-кыягы,
Күрөңкеев абамдын
Күүсүнөн Маскөө сынады.
Кайра-кайра тартса да,
Канбай турду кулагы.
Толгон токой күү менен,
Тоо көчкөндөй кулады.

Жетим калып жашынан,
Жекечелик доордо,
Жетилбей сөөгү жашыган.
Эркиндик тийип адамга
Эл катары а дагы,
Ээ болгон теңдик заманга.
Кыягы колдо каркылдап,
Кыялы ачык жаркылдап,
Телегейи тең эле.
Темир комуз жагынан,
Теңдеши жок эр эле.
Куурчагын ойнотуп,
Кубанычка элди бөлөгөн.
Кууп ажал жеткенде,
Колунан күч кеткенде,
Курдашың Адамкалый да,
Куюндай сызып жөнөгөн.

Атын укса ашыгып,
Залга күлкү толчу эле.
Эңсеген суусун табылып
Эс алгандай болчу эле.
Сүйлөгөн сөзү адамга,
Сүйүктүү эле курч эле.
Сахнадан кетирбей,
Зал жаңыртып турчу эле.
Гүлдөгөн Чүйдө туулду эле,
Күлкүгө бүткөн уул эле.
Термечиктии Шаршени,
Теңдешсиз кетти кантели.
Кыялы менен өнөрү,
Кызарып күйгөн чок эле.
Орто Азия элинде
Ойлосом андай жок эле.

Кыргыздын далай булбулун,
Алып ажал тойбоду.
Элге керек экен деп,
Эч бирөөнү койбоду.
Сурансак ажал тыңшабай
Суулуктап жатат жоргону.
Күтпөгөн жерден алдырып,
Күйүгүп көп эл кайгырып,
Күндө жаңы, гүлдөн кооз,
Күлкүлүү сөздөн айрылып.
Ыйлап туруп жөнөттүк,
Райкан менен Мидинди.
Амалы канча жүрөктүн,
Ачышып жүрүп түңүлдү.
Алыке, кош бол, турабыз,
Көзүң аккан шум өлүм,
Көрмөксөн болсо жаштарга
Сезбейт элек анчалык,
Сексенден ары ашканда.

Тоголок Молдо, Токтогул,
Томдор калды артына.
Сагымбайдын Манасы,
Залкар байлык калкына,
Шаршендин шайыр сөзүнүн,
Баа жетиш кыйын баркына.
Ыраазы болдук алынча,
Ысак менен Барпыга.
Сыймыктанабыз алардын,
Сыр дайрадай даңкына.
Кыргыз элин дүйнөгө,
Кыйкырып өткөн каркыра.
Ошолордой сизди да,
Жүрөккө дайым сактайбыз.
Алымкул деген атыңды,
Ааламга айтып даңктайбыз.
Жетимишке жеттиңиз,
Жети жүз жылга татырлык,
Ыракат көрүп кеттиңиз.
Ыраазы болгун баарына
Эчен кылым тургудай
Элиң эстелик коёт жаныңа.

Ой-пикирлер