Кирүү

Нурмолдонун нускалары

Аузимилла шайтан ирражим
Биссмилла рахманир рахим.

Каргалардын арасында
Шумкар карып.
Качырлардын арасында
Тулпар карып.
Калыстыкка чыкпасаң
Кусур урат.
Кор кылбастан асылды
Куткар барып.

Аламан болгуча
Акылдуу бол.
Күлөгөн болгуча
Көсөм бол.

Төрөлгөн жериң
Өзүңө мисир.
Тууган элиңи багып
Жедирип-ичир.

Көтөрмө жесең
Көтөрүм болосуң.
Көп алсаң
Көрүнбөй жоголосуң.

Кас карыз берсе
Калааңды алат.
Калкыңы кырып
Калайман салат.

Кас карызын доолайт,
Калкыңа жоолайт.

Карызга батканын
Калааңы сатканың.
Калкыңы атканың
Күм жам болуп жатканың.

Калкыңа жатты аралатканың
Келе жагыңы жаралатканың.
Ушуну унутканың
Укум-тукумуңу курутканың.

Калмактын чегин кайтаргын,
Кытайдын чегин кулптагын.

Акылдын кенчи - "Манаста"
Андагы каска жанашпа.
Ага жанашканың
Акылдан адашканың.

Дос таарынса – бергенин алат,
Кас таарынса жергеңи чабат.

Досуң өз жеринде жашасын,
Чекпегин берген нашасын.
Мунусу кастыктын белгиси
Өз гөрүңү өзүң казасың.

Адам болсоң ак жүр,
Алыш-беришке так жүр.

Жериңи сатканың
Элиңи сатканың.
Келечегиңи атканың.

Кумурска деле күжүрмөн
Акылы жогунан тепселет.
Ач калган түлкү
Уйугун казып жеп келет.

Достук – алакага жаралат,
Тамыңы талашпайт каралап.
Ашыналык алыш-беришке жаралат,
Ата журтуңу талашпайт каралап.

Көтөрмө берген
Мейли болсун досуң,
Мейли боордошуң,
Мөөнөтүндө төлөшүң керек.
Бербегендин уулу – кул,
Кызы - күң,
Катыны тул.

Өгөйдүн өзү күйбөй –сөөгү күйбөйт,
Өзү сүйсө да жүрөгү сүйбөйт,
Анысын жетим сезбейби?
Өгөй көкөй кеспейби?
Акыры боюм өспөйбү.

Өгөй – өөнчүл,
Жетим - кекчил.

Кызы жаман "жаш" дейт,
Уулу жаман "мас" дейт.
Катыны жаман "пас" дейт.
Чындыктан тайсалдайт
Начар деп айталбайт.

Сыйлашарга жат жакшы,
Ыйлашарга өз жакшы.

Ооз - уя,
Көз - куш. I
Унчукпаган - байкуш.

Пил көтөрбөгөндү тил көтөрөт.

Жазында
Арыкты ойлоп чапсаң,
Жайында
Сугатты ойноп өткөрөсүң.
Берекесин
Кышында көрөсүң.

Геп – тириликте,
Күч бирдикте.
Биринчи кенч - ден соолук,
Башкы байлык - ак жоолук.

Ырыс бербес жер болбойт,
Ынтымак болбой эл болбойт.
Эмгекчилге жалкоолор
Эч убакта тең болбойт.

Максаты жок аттанба,
Билип албай мактанба.

Келжирек неме ызылдайт,
Кеп чынынан бузулбайт.

Береке – аракетте,
Бакыт – теңдикте.

Күүлдөгөн күз – күрөш
Жаадыраган жаз - жарыш.

Касың жүрөт – тим сынап,
Досуң каалайт — ынтымак.

Күлкү чыгар белгиси
Какшык менен чымчымак,
Ырыс алды – ынтымак.

Баарлашкан - билгенге жакшы,
Бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы.

Эл үмүтүн жер актаар,
Жер үмүтүн эр актаар.

Элге кылган жакшылык
Жерден өнөт жакшырып.

Эмгектен эр өсөт,
Эгизден төл өсөт.

Жаз, жайда малың айдап бак,
Кыш – күрөөдө байлап бак.

Эмгеги көптүн
Өнмөгү төп.

Перзент энеден туулат,
Эл үчүн белин буунат.
Чымчык баксаң – тынар,
Чырпык тиксең – чынар.

Жалтаң асканы көчүрбө,
Жыланды өлтүрбө.

Жылан өлгөндө гана түз болот.

Тал, терек тамырларыңа керек,
Бирди кессең – онду тик.

Жаш келсе жаадырашып ишке,
Кары келсе бабырашып - ашка.

Аракет – ойго, нысап – койго.
Илкиш – тоого, ниет тойго жеткирет.

Акылман менен учураш,
Ниети көккө учурат.

Абайласаң: акыл – алтын,
Оор-басырык, ой - күмүш.

Ачууңду акыл жеңет,
Асылды мээнет берет.

Жазда жаркып иштеген
Жыл бою ырыс тиштеген.

Жаманаттыны жогото албайсың кубалап,
Ээленсең даңкыңды мээнет чыгарат.

Адил болсоң – суудай бол,
Кирди жууп кетирген.
Бийик болсоң –тоодой бол,
Чапкан аттар жетпеген.

Алаган болгуча – адам бол,
Күлөгөн болгуча – күжүрмөн бол.

Асылсаң нарга асыл,
Бутуң жерге тийбесин.
Буйласын кармай жыгыл
Этиң катуу тийбесин.
Аары аселге конот,
Чымын майга конот.
Кишилердин мөмөсү бала болот,
Мемөлүү дарак ийилчээк,
Жерге тийет эмеспи.
Мөмөсү жок терек да
Элге тийет эмеспи.

Токоюн кыйса – тоо кулайт,
Уларын кырса – зоо кулайт.
Кайберени качат,
Канаттуусу азат.
Ээн аска кишини басат.

Акыл аалам кездирет,
Өнөр көккө жеткирет.

Акыл – тозбогон тон,
Илим – түгөнбөгөн кен,
Тон – тиктиргендики,
Илим – билгендики.

Жакшы – Ай менен Күндөй
Баарыга бирдей.
Жаман жуулбаган кирдей.

Жылуулук – күндүн көзүндө,
Улуулук – даанышман сөзүндө,

Сен – деген сенек сөз,
Сиз – деген сылык сөз.

Чобурду жакшы баксаң тулпар,
Самаган жерге жеткизет.
Жагалмайды жакшы баксаң –шумкар.
Эч болбосо чымчык алып берет.

Ышкырашса ынтымак качат,
Ызатташса – көңүлдү ачат.

Көзүң ооруса колуңу тый,
Ичиң ооруса тамагыңы тый.

Ташыркаса күлүктү
Басалбайт деп ойлобо.
Жабыркаса жигитти
Жакырсың деп кордобо.
Күлүккө ал бүтөр,
Жигитке мал бүтөр,

Кедейдин тууса заманы
Байлардын кетет амалы.

Өңгүл-дөңгүл дүйнө шок,
Бирдик болбой тирлик жок.

Баатыр бир өлөт,
Коркок миң өлөт.

Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт,
Эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт.

Ай караган текече,
Бай караган кедейче болбо:
Ай караган теке суукка тоңуптур,
Бай караган атчан өлүптүр.

Адал жүргөн – арам болбо,
Сакы болгун –от сараң болбо.
Бузук ишти биле туруп
Түшпөгүлө жаман жолго.

Жүвчүлүк берер азабың
Ат кадырын билбесең.
Аччылык бере адебин,
Аш кадырын билбесең.

Пайданы башына кыл,
Башыңан артса досуңа кыл.

Баталуу кул арыбас,
Батасыз кул жарыбас.

Меймандуу үйдө – береке.

Илим – өмүр чырагы,
Билим – ырыс булагы.

Жаманга айтылган сөз –
Кулагынын сыртында.
Жакшыга айтылган сөз –
Жүрөгүнүн бурчунда.

Ойноп сүйлөсөң ,да
Ойлоп сүйлө
Тек – маңызын мойноп сүйлө.

Киши – киши менен киши,
Башкаларда жок
Макоонун иши.

Иштерман – атак тагат,
Жаман – наалат алат.

Боюндай бой табылса да
Оюндай ой табылбас.

Геп-гептин камчысы,
Жаман – үйдүн тамчысы.

Атаң карыса күң алдырба,
Энең карыса күл алдырба,

Ач бала менен ток бала
Кошулуп бирге ойнобойт.
Ойносо да бирдей ойлобойт.

Күлүктү дүбүртүнөн айрыйт,
Күмүштү күлдөн тааныйт.

Зер кадырын зергер билет,
Нар кадырын кербен билет.

Уну жоктун куну жок,
Уулу жоктун мууну жок.

Күздүктөн калган
Жаз айдайт.
Өрдөк жеген каз байлайт.

Жигит жоругу журтуна дайын,
Кыз кылыгы төркүнгө маалым.

Геп кутулбайт чеченден,
Мээнет кетпейт эсерден.

Куу-шумдугуң өтөр дейм
Айыкпаган кеселден.

Жакшы уулдун башына
Ырыс менен кенч ойнойт.
Жаман уулу башына
Ушак менен геп ойнойт.

Душманды тууган дебе,
Тууганды душман дебе.

Жакшысы – келин,
Жаманы – өлүм.

Ой ойлосоң кең ойло,
Кең ойлосоң тең ойло.

Сөзүң өлгүчө, өзүң өл.

Мал сактагыча, ар сакта.

Абийир сактап ак жүр
Алыш-беришке так жүр.

Досуң миң болсо да аз,
Душманың бир болсо да көп.

Жакшы болсо катының,
Келип турат жакының.
Жаман болсо катының,
Безип турат жакының.

Жакшы күнүңдө
Душманың дос болот.
Жаман күнүңдө
Тууганың кас болот.

Душманды башыңан ашырба,
Досуңдан сырыңды жашырба.

Жалгыз үйдөн тамагы жетсе да
Табагы жетпес.
Жыртыгы бүтсө да
Жамагы жетпес.

Эрдемсинсең
Ташыңды чайнайсың.
Менменсинсең
Башыңды жайлайсың.

Бирөөгө жамандык салганың –
Өзүңдө бутуңан чалганың.

Башыңа түшсө капсалаң –
Бу сен үчүн акыр заман,
Ошондо билинет жакшы-жаман.

Март менен коштошпо,
Наадан менен достошпо.

Бийликке айлакерлер гана келет:
Жеткиче мышыктай мыйоолоп,
Иттей шыйпаңдап,
Аттай желет,
Ошон үчүн мансапкорлук делет.

Өлүмдүн ордун төрөлүш толтурат.

Бакыт – чыгаандардыкы:
Бир жеңден кол,
Бир жакадан баш чыгаргандыкы.

Бөлтүрүгүн уурдаса
Берү дагын өч алат.

Олжону эпчил алат,
Төлөмөрүнө мээнетчил калат.

Ар ким жейм дейт куйрукту,
Алла билет буйрукту.

Кайгыга катуу алдырган жаман,
Кыйын мындан кутулуш аман,
Куду ушундан сактан, балам!

Башкалар жөнүндө чындыкты
айтгалбаганың –
Өз күнөөңөн тайсалдаганың.

Адамкерчиликтен чектелгениң,
Элден ажырап жектелгениң.

Хандын аты улук
Нандын заты улук.

Турмуштун көркү уз менен,
Нандын даамы туз менен.

Аял жакшы – эр жакшы
Алгоолошсо – тең жакшы.

Аруу пейил, ак ниет дос болсун
Намыска бек, кыска көк болсун!

Ой-пикирлер