Кирүү

Асан Жакшылыков. Бата

Тапталбай күлүк кайдан байгени алсын,
умтулбай максат кайдан тамыр жайсын.
Эр жигит элиң сенден үмүт кылсын
жаш күлүк–байге жеңип, табы кансын.

Көпчүлүк көөнү толсо–берет бата,
сан күлүк чекке барып турат катар.
Тирүүлүк байгең кайсы? Эмне сайдың?
Тынчыбай намыс кайда ала качат?

Байкабыл "өз күлүгүн"–комузду алды,
мына күү! Толкуду бейм, шарпылдады.
Эргиди элдин дили, кеч киргени
байкалбай көпчүлүккө таң атканы.

Канатын урду комуз–аска, жарга
камалды жол таба албай карт зоокага
күү эмес күйүт өзү чертилгенсип
басылды сыздап барып шыңгырама...

Тепкегин, тээгин оңдоп Токтомамбет
чертерде ага да эми келип кезек
комуздун кылы үзүлүп, өзү тердеп
күтүүсүз куюн жүрүп кеткен дешет.

Абдыгып анда айласын таба албай,
айланта күткөн элди карай албай,
турган дейт эс–мас болуп, эрте үзүлгөн
намыстын кылын кайра тага албай.

Ошондо олуядай Кыдыр кары
Комузун сунган экен колуна алып.
Күүлөбөй "Камбарканды" чертип кирген
күлүктүн бүйрү кызып, ызаланып.

Ошондо ай иймейип чыккан дешет,
калайык көз ирмебей уккан дешет.
Комуздун маңдайынан ак шам күйүп
көңүлдүн кушу асманга учкан дешет.

Байкабыл жыла чыгып, качып келбейт.
Бул өңдүү комузчуга де ким чендейт?
Кыргызга күү чертишке төрөлгөнсүп
кыялы ала качып ээлик бербейт...

Ошондо олтургандар күүгө канып,
олуя Кыдыр аке колун жайып
комузга бата кылса, жаш балага
ат койгон дешет экен бүт калайык.

Ал күндөн Токтомамбет–Кара Молдо,
ал күндөн Кыдыр берген комуз колдо.
Ал күндөн кыргыз күүсү көөнөрбөгөн
кылымдап келе жатат узак жолдо.

Ой-пикирлер