Токтосун Самудинов. Зоопарктагы окуя
Бул окуя кышында,
КАР ЫШКЫРган учурда.
Торду бирөө бузуптур,
ТөрТӨӨ КУШтун учуптур.
Өзү келген душманга
АлАР КАРшы чыкканда
Ал айрылып көзүнөн
тАРС ТАНыптыр эсинен.
Жатып алып үйүндө,
АкЖОЛ БОРС – борс үрүүдө.
Мындай коркоК ОЁНду
Короочуга коербу?
- Ак куржун толгон ыр калды
- Бешик ыры
- Аман Токтогулов. Ибарат
- Темиркул Үмөталиев. Кубат (поэма)
- Барпы Алыкулов. Ак кымкаптан тон албайм
Ой-пикирлер