Абзий Кадыров. Даярбек
Жакшы угат ич десе,
Жаман угат иш десе.
Арзыбаган жумушту,
Араң жасайт күчтөсө.
Ыйлайт отту жак десе,
Туйлайт бала бак десе.
Аш ичкени болбосо,
Үйдө бары жокко эсе.
Кеп жүйөөсүн жактырбай,
Кетет дайнын таптырбай.
Бирок тамак бышканда,
Даяр болот айттырбай.
- Абзий Кадыров. Кадыбайдын каргасы
- Жеңижок менен Наркүлбүбүнүн (Рыскүл) айтышы
- Асан Жакшылыков. Байказы
- Айланайын ай сарым
- Жеңижок менен Нурмолдо
Ой-пикирлер