Жолон Мамытов. Талант
Кечиндеби, жаткандабы сүрүп таң,
Чыккандабы же кун жарк деп булуттан,
Бул жарыкка туулат ар бир наристе
Укум болуп үзүлбөгөн уруктан.
Жаңы көзгө өзүн абзел чыңалтыш
Парз эткен соң адам көчүн улантыш.
Кайралуусу, чыйралуусу каниет
Коркунучка боло берип улам туш...
...Илдет торун жайган менен акынга,
Чалып жыкмай болгон менен жакында:
Талант жанын жай алдырбай тынымга
Жүрөк өртүн жууруй берди акылга.
Жаш денеге буккан оору чынында
Алы-күчүн учуратып чыгымга.
Акын жанын алып тынды акыры
Кырчылдаган отуз бештин кырында.
Дартты-шорду тарткан менен турмушта
Көзү өткөн соң даңкы кетти жылдызга
Чырак болуп жанып калды ырлары
Асыл журту Ала-Тоолук кыргызга.
Күчөй берди сөз рухуна сыйынуу,
Кеңий берди Алыкулдун кыйыры.
Оо, акындын опурталдуу тагдыры,
Сен белемсиң сан тагдырдын кыйыны?
Айып бизде,
Жүрүптүрбүз түшүнбөй,
Күч жок тура поэзия күчүндөй,
Акын үчүн бул дүйнөдө өлүм жок
Жазган ыры элде калган бүтүндөй.
- Тоголок Молдо. Дыйкандын аялынын кошогу
- Барпы Алыкулов. Өзү каар, тили заар кыз
- Барпы Алыкулов. Мөлмөлүм
- Акый
- Мидин алыбаев. Шимеев смарга