Кирүү

Барпы Алыкулов. Ынтымак

Ынтымагы бар элдин
Таалайы, багы ачылат.
Ынтымагы жок элдин
Тапканы бекер чачылат.
Ынтымагы бар элдин
Эли чогуу жыйылат
Ынтымагы жок элдин
Эли качып суюлат.
Ынтымагы бар элдин
Кары, жашы туюнат.
Ынтымагы жок элдин
Кара көзү оюлат.
Ынтымагы бар элдин
Калага1 карды ток болот,
Ынтымагы жок элдин
Бириге-бири октолот
Ынтымагы бар элдин
Дүркүрөп өсөт балдары,
Ынгымагы жок элдин
Сөзүнөн чыгат жалганы
Ынтымагы бар элдин
Адил болот улугу,
Ынтьшагы жок элдин
Ичинен чыгат бузугу.
Ынтымагы бар элдин
Кеңеш берет карысы
Ынтымагы жок элдин
Тозуп качат баарысы.
Ынтымагы бар элдин
Катар конот айылы.
Ынтымагы жок элдин
Эч билинбейт дайыны.
Ынтымагы бар элдин
Жарып сүйлөйт чечени.
Ынтымагы жок элдин
Жабырап сүйлөйт нечни
Ынтымагы бар элдин
Келишимдүү баариси.
Ынтымагы жок элдин
Сөзүнөн кетет мааниси.
Ынтымагы бар элдин
Меймандос болот аялы.
Ынтымагы жок элдин
Адамга тиет залалы.
Ынтымактуу эл болсо,
Душманга тийген ок болот.
Ынтымаксыз эл" болсо,
Дыркырап качып жок болот.
Ынтымактуу биригет,
Ынтымаксыз бөлүнөт.
Ынтымак элдин бакты бар
Бир-бириге баркы бар.

Ой-пикирлер