Кирүү

Омор Султанов. Бокс

Айтабыз ал эле деп, бул эле деп
А чыны, "баардык кезде күчтүү жеңет.
Билгенге бокс ойну кыйын оюн
Кыйын уул ойлоп муну тапса керек.

Мында бар кармашуунун бардык түрү
Амалдуу акылдуулук эрдик сүрү.
Багымдан көрөөрмүн да дегенге окшойт
Боксердун башын ийкеп жүгүнүүсү.

Турмуштун аренасы төрт бурч ринг
Окшобос эч бир окуу, эч бир илим,–
Жашоонун тартибинде күндө өтүүчү
боксерлор уруп ойнойт бири-бирин.

Ур, боксер, ураар болсоң, таамайлап ур
Жеткирээр максатыңа жаштык учур.
Жеңсе да, жеңилсе да бир тобокел
Ким эле жеңиш үчүн туулуптур.

Рингде калыстыкты берсе берет
Бербесе айта албайсың бир деме деп.
Көргөндөр билсин, анан бир өзүң бил
Судья... Бири келип, бири кетет.

Кылчактап көп караба судьяга
Милдетиң уруп калыш учурунда.
Калыстык болсо болот, болбосо жок
Тагдырың мээлей кийген муштумуңда.

Айтабыз ал эле деп, бул эле деп
А чыны акырында күчүң жеңет.
Билгенге бокс ойну–турмуш ойну
Бизге аны билип коюу–кызык милдет.

Ой-пикирлер