Кирүү

Тоголок Молдо. Каркыра менен түлкү (тамсил)

Абал баар жаз болуп,
Көлгө батпай каз толуп,
Келген келген кезинде,
Бозго батпай куш толуп,
Жер айрылып гүл ачып,
Булбул сайрап үн ачып,
Байчечекей гүлдөгөн,
Жыгачтын баары бүрдөгөн.
Жаркыраган жаз келип,
Жан-жаныбар төлдөгөн,
Жазгы көктөм мезгилде,
Бир каркыра, бир түлкү
Коңшу болду достошуп.
Ачык сырын жашырбай, "
Анык сөздөн козгошуп.
Каркырада шумдук жок,
Түлкүнүн кеп бузугу,
Түлкү акеңдин бир түрдүү,
Эми келет кызыгы.
Түлкүдө казган ийин бар,
Өткөн иштин кийни бар.
Бет келишкен жеринде,

Бекиткен сөздүн түйнү бар.
Каркырада уя бар,
Убада кылган башында,
Убада сөзүн бекиткен,
Калыстар туруп кашында.
Түлкүдө бар төрт бала,
Каркырада беш бала,
Балдарына жем издеп,
Каркыра кетти бечара.
Түлкү жүрөт жойлонуп,
Шумдуктун баарын ойлонуп,
Убададан тайгылды,
Түлкү жойбур иш бузуп,
Каркырага түлкү акең,
Кылмак болду бир кызык.
Тура калып түлкү акең:
"Эчтеке болбос"–деп койду.
Каркыра кетип калган соң.
Бир баласын жеп койду.
Карды тоюп алган соң,
Карсылдап күлүп ойноду.
Жалган жерден кеп куруп,
Жана шумдук ойлоду.
Каркыра келер кезинде,
Түлкү акең ыйлап олтурду.
Көөнү менен көп ыйлап,
Көзүн жашка толтурду:
–"Бирибиз тышка чыкканда,
Бирибиз үйдө турбай–деп
Этиет болуп сактанып,
Эптеп оокат кылбай –деп,
Сен кеткенде, мен кетип,
Экөөбүз үйдөн тең кетип,
Санап көрдүм биле албайм,
Тогузунан кими жок,
Кандай бетсиз алды экен?
Узун моюндун бири жок.
Бала деген эң кыйын,
Баласыздын күнү жок.
Узун моюн балаңдын,
Убайым кылды дарты деп,
Каркыра аке кантелик?
Кайырлуу болсун арты"–деп.
Түрдүү кытмыр сөз баштап,
Түлкү турду мунун айтып.
Кара күчкө кууланып,
Кара жанын муңайтып,
Кири жок ичте каркыра,
Ишене калды кебине.
Түндө жортуп жойлогон,
Түлкүнүн кирди эбине.
Түлкү сөздө турбады,
Залимдин бири бу дагы.
Кайда болсо залимден,
Залал көрөт ынагы.

Ой-пикирлер