Кирүү

Уламышка айланган акылман чечендер Асан кайгы

Асан кайгы XIY-XY кылымдарда жашап өтүптүр. Анын замандаштары: Жээренче чечен, Толубай сынчы, Алдар көсө, Токтогул ырчы экен. Алар менен Асан Кайгы бирге жүрүп, бирге туруп, турмуштун казанында бирге кайнаптыр. Ал жарык дүйнөгө жарк эте келгенден, өмүрү өткөнгө чейин согушту, ыр-чырды, мыкаачылыкты, таш боорлукту, кара мүртөздүктү, бардык терс көрүнүштөрдү сүйбөгөн, тек гана бейпилдикти, теңдикти, барчылык менен токчулукту, үйрүлө түшкөн боорукерчиликти издеп кейип-кепчип жүрүп, бу дүйнөдөн арманда өтүптүр, Тилекке каршы, Асан Кайгынын андай тагдырга кабылышына бирден бир "Элди былк эткис кылдым, жумсам алаканымда, жутсам жумурумда" деп, Крымга чейин барып, татарларды басып алып, кыргыз, казакты чилче таратып, карапайым калктын канын митедей соргон, өзүмчүл, ырайымсыз Жаныбек хан себепчи болуптур. Ошондуктан, бүтүндөй элдин тарткан азабын, көргөн кордуктарын, башы-бапан, аягы-сапан сапырылганына өтө кейип, өзгөчө жаны ачып, калк кайгысын басса-турса да жатса да, "Элимдин келечеги, көргөн күнү, жан жаныбарлары, макулуктары не болсо болот?" деп, кейип-кепчип, убайым жеп, кайгы тартып жүргөндүктөн эл Асан Кайгы атаптыр. Бара, бара бул ысым бабадан атага, атадан балага, чөбөрөдөн кыбырага өтүп, ылакапка айланыптыр. Түрк тилдүү дилдеш, диндеш, тилдеш элдердин ичинен Асан Кайгы жөнүндө көптөгөн уламалар, аңыздар кыргыз, казак, каракалпак, ногой элдеринде айтылып, мурастары сакталып калыптыр.

Ой-пикирлер