Шайлообек Дүйшеев. Кеч
Кеберсийт талаа. Чөккөн Күн...
чөл сүйрөп келет аптабын.
Өрөөнгө түшкөн өрттөгү
өзөндүн ойнойт таштары.
От жаккан мештей ысылап
үйлөр үп. Үймөк чөп-жошо,
Кызыл ат–кырга кызыл от.
төө өркөч тоого көз-бото.
Закымды жиреп унчукпай
желесин тартат зым мамы
Учалбай турат чымчыктар
шишкебек окшоп зымдагы.
Айнектер аста жалбырттап
айыл тынч өткөн түндөрдөй.
Жалгыз бак–жалгыз балмуздак,
жамгырсыз күндөр–күйгөн жер.
Таранчы чоктой бүркүлгөн
жалбырттап жатат бул аңыз.
Ак түтүн болуп илкиген
жол гана алсыз чубалып...
- Мидин алыбаев. Ойлончу
- Токтосун Самудинов. Мышык
- Калыгул бай уулу
- Мидин Алыбаев. Насирдин Байтемировго
- Аял тууралуу ыр
Ой-пикирлер