Кирүү

Сүйүнбай Эралиев. Кыр белде

Тушма-туш эки
Кылымдын аразатында,
Токумун албай,
Өрүшкө айдап атын да,
Олтурган сен ким?
Башыңдан бардык өткөнүң
Келатат кошо,
Бөктөргөн окшоп артыңда?
Ойлуусуң өтө,
Шаттыктан көрө жүзүңдө
Көбүрөөк кайгың,
Эмне бар эси дартыңда?
Чыккансың кайдан?
Башталган качан сапарың?
Бармаксың кайда?
Дүйнөнүн камы башыңда...
Замандар өттү,
Турнадай жазбай саптарын,
Көз жетпейт дале
Көчүңдүн аяк-башына,
Бир учуң менен
Космостон жатсаң унчугуп,
Бир учуң менен келесиң,
Үңкүрдөн жаңы сен чыгып...

Ырас, сен жалгыз дүйнөлүк улуу түзүлүш.
Аныңа күбө–миң жылдап өзүң жасаган
Жер көркүн ачкан теңдешсиз, асыл мурастар.
Аларда сенин генийлик даңкың жашаган.

Сен аны бүгүн сезгениң, ыйык санашың,
Зоболоң болуп, тургансыйт күнгө жанашып.
Табият сага ыйгарган алгач кезинде,
Жер кудурети айланган акыл-эсиңе.

Олтурдуң ойлуу оозунда жаңы кылымдын,
Кайталап да бир түшүнүш үчүн өзүңдү,
Үн катпай тыңшап, кагышын жүрөк кылыңдын.
Санаттай чубап сага айтат жүрөк кылдарың:
Бийликтер кыйрап, замандар алга жылганын,
Сен гана калып, өжөрлүк менен ашканды,
Мезгилдин сансыз кыямат ашуу кырларын.

Кылымга кылым үн каткан кезде өз ара,
Жаңырык келет, байыркы күчтөр доошундай.
Жан дүйнөң менен тартылган кезде сен ага,
Карааның кудум баатырлар курган кошундай...

Бул турмуш өзү болсо эгер дарак дүйнөлүк,
А сенсиң анын бутагы тирүү күч берген.
Издейсиң максат, жыргалың үчүн түбөлүк,
Кыялың менен ойлоруң өткөн издерден.

Купуя сыры сымаптай жылма турмуштун,
Ар келген күндүн өңүнөн дале байкалат...
Космоско жеттиң канаты менен миң куштун,
Байыркы бабаң Икардын салтын кайталап.
Учуруң жоктур үмүтсүз карап олтурган,
Учкундар сенде, кудайдын жаккан отунан.
Сенде тек болбойт чегинип калуу, чектелүү,
Дүйнөгө келдиң–изденип азап чеккени.

Албууттуу сенде жүрөктүн соккон добушу,
Аңгыча болбой, Жер үнү менен оошту.
Жер айтты: "Жап-жаш кылымга кантип барасың,
Сендеги эски дүйнөнүн кирин, жарасын
Тазартпай туруп? Тазартыш үчүн күнөөңөн
Керектир мүмкүн Тозогу тиги Дантенин?
Антейин десем, жалгызым элең–бирөө элең,
Адамым, сени тозокко берип кантейин?!"

Олтурдуң дагы ой менен болуп бир азга,
Тил каттың анан: "Жер-Энем сөзү ырас да:
Баары да болду–
Төрөлүү,
Өлүү,
Төрөлүү,
Мүрзөгө толуп, бозорду канча жер өңү!
Далбастап шашып, Турмуштун кетип айласы,
Кан, жашка толуп, кай жакты беттеп акпады,
Кайгылуу, шаттуу турмуштун улуу дайрасы!
Бейтааныш, жаңы мезгилден чалдың кечүүнү,
Тындырбайт мезгил агымы эки жагыңдан,
Өңүрүн булкуп чапандын, өзүң жамынган.

Олтурдуң ойлуу оозунда жаңы кылымдын,
"Сен өзүң КИМСИң?"
Сурооңо ообун туюнткан
Добушун тыңшап, кагылган жүрөк кылыңдын:
"Мейкиндик менен
Мезгилге тирүү көпүрө,
Бактыга канбас,
Байлыктын кулу түбөлүк,
Күнөөгө баткыч,
Ал үчүн жаны өкүнмө,
Бир көрсөң шаттуу,
Бир көрсөң бүркөө, түнөрүп,
Эртеңди эңсеп,
Үмүткө жаны тойбогон,
Өлүмдөн коркок,
Өмүргө дайым жазакер,
Акылдуу туруп,
Ажалы менен ойногон,
Күн менен эгиз,
Үзөңгү жолдош мезгилге,
Ааламды кесип,
Жарышкан ою-санаасы,
Дүйнөнүн куну,
Наркы сен, АДАМ баласы!.."
Олтурдуң ойлуу, кол менен жөлөп башыңды,
Кыйрыңдын баары ой,
Өңдөнүп мөмө-жемишке,
Төгүлгөн бышып, дүкүйгөн бакта, жашылдуу...
Азаптуу минтип алпарчу жолуң жеңишке.
"Келатат,–дедиң,–кылымдын таңы атканы,
Кошулуп ага өмүрдүн даңкы арттагы.
Кулакта мына, дүбүртү чыгып жатпайбы?!
Жашоонун күчү эртеңи менен артпайбы!
Табынам ага, байыркы грек өңдөнүп,
Табынган КҮНГӨ–
Парнастын тоосу жактагы,
Ал жерге жаңы баш багып жаткан кезинде,
Тулкусу менен урунуп ууз сезимге!.."

Бул дүйнө толгон мазмунуң менен бир сенин.
Карасаң ачып, мезгилдин ар бир ирмемин,
Жарыгың анда жалтылдап жанып турганы,
Болсо да мейли, көзүндөй ичке ийненин...
Сезилип жондо шилтелген мезгил камчысы,
Сүйүүң сенин Ай-Аалам менен өлчөлөт,
Жер болсо анын каректей жалгыз тамчысы.
Таянган күчүң–акылдын калыстыгында,
Сен эмне десең, бул дүйнө көндү ыгыңа.
Мейкиндик менен, кыйры же чеги болбогон,
Бараттың кетип, кылымдын жаңы нугунда,
Доордун колу аярдап жөлөп, колдогон...
1988-жыл,
Арашан – Фрунзе.

Ой-пикирлер