Кирүү

Анатай Өмүрканов. Кошуна кыз

Назик эле күйгөн шамдай,
татына эле атар таңдай.
Көргөн сайын көз кубантып
өтөр элем сөз айталбай.

Сулуулукту, ыйыктыкты,
андай бербейт сүрөт мыкты,
жалт карашы уюп калган
арманымды сүрүп чыкчу.

Элик мисал таза неме,
көчөлөрдөн кез келгенде–
өмүр бою мен укпаган
күү угулуп турар эле.

Каректерден кан дүргүтүп,
кабылганы кандай сонун!
Дүйнөм түгөл боло калчу
табылгандай жоголгонум.

Анын минтип караганы,
далайларга болчу дары,
жыпар мончок жыт аңкыткан
жыргал эле жылмайганы...

...Уу чачкандай–уктум кепти:
"Ала качып апарышса
көшөгө тээп, отурбаптыр
эмне керек ага башка..."
Ичим тыз деп жаттым дагы,
эртесинде көрдүм аны,–
мурдагыдай...
уйпаланган
гүл сыяктуу караганы.
Мурдагыдай барат шашпай,
бирок көлдү–жан көрбөгөн–
ыпылас кол булгагандай;
кайберенди кайбар бирөө
капилиеттен коркуткандай,
ууртунда күлүмсүрөө,
анан ыза калган жанбай...

Ой-пикирлер