Кирүү

Сүйүнбай Эралиев. Ооруканада

Радиология институту. Өтө оор радиация алгандарды дарылоонун жүрүшүн байкоо үчүн башка жактан келген меймандарга институттун башкы врачы өзү түшүнүк берип, ооруулар менен тааныштырып жүрдү.

Биринчи палатада

БАШКЫ ВРАЧ:
Өрт өчүргүч Владимир
Михайлов!
Ошол түнү дежур болуп
АЭСте,
Алты жүз рентген алган.
Азыр мунун өткөндөрү жок
эсте...
/Михайловго/
Саламатпы, Володя?
Бүгүн сага меймандарды
апкелдим.
МИХАЙЛОВ
(анчалык жактырбай)
Келипсиздер, эрте да эмес,
кеч да эмес,
Мен үчүн беймаал убакта
БАШКЫ ВРАЧ:
А кандайча Володя?
МИХАЙЛОВ:
Денемдеги зыяндуу нурлар
жөнүндө
Жатты элем катуу ойлонуп.
"Жугуп калат: деп коркуп;
Мага бир жан жолобойт,
Жоломок турсун, күнчүлүк
алыс качышат.
Ойлоп көрсөм, мен бир унаа
өңдөнөм,
Жалаң атом жүктөгөн,
Бул турмуштун сапарында
бүтпөгөн
Бара жатып, баары менден
коркушкан:
"Азыр мындан өрт кетет–
деп,–"дүрт" деген?"
Ай аттиң ай,
Байкуш энем болгондо,
Качмак тургай, кайра мага
жабышмак,
Анын менден аяр жаны жок
эле...
Палатада бир жан жок,
Төшөнчүсү жыйылбай,
Турат жалгыз керебет,
"Азыр келип жатат" деп,
Ээсин гана күткөндөй...
БАШКЫ ВРАЧ:
А каякта Кузьменко?
СЕСТРА:
Он мүнөтчө болдуго,
Ал биз менен түбөлүккө коштошту...
БАШКЫ ВРАЧ:
Кантип эле? Кандайча?
(ойлуу туруп)
Ай аттиң ай!
Анын эми жолдош болсун ыйманы!
СЕСТРА:
Таң каларлык бир нерсе:
Өмүрүнүн эң акыркы саатында,
Кыйналса да канчалык,
Кыңк этип бир үн чыгарып койгон жок.
БАШКЫ ВРАЧ:
Өлүмгө да эрдик керек эмеспи...
(столдогу кагазды көрүп)
А бул эмне?
СЕСТРА:
Кузьменконун сүйүп жүргөн кызына
Бул жерде жазган каты экен...
Адресин, ким экенин айткан жок,
Бирок ал кыз "окубай калар бекен?" деп,
Өлөрүндө кыңырылып кыйылды.

Ой-пикирлер