Кирүү

Барпы Алыкулов. Гүл кыздар

Эжелүү, сиңди — гүл кыздар,
Эстесем жүрөк көп сыздар.
Элимде эки бала бар,
Эгип койгон теректей,
Экөөнүн бою барабар.
Калкымда эки бала бар,
Капталга бүткөн кайыңдай,
Кагелес1 бою барабар,
Бириң — тоонун кайыбы,
Бириң — кыздар айымы.
Бириң — кыздын нурлуусу,
Бириң — кыздын сулуусу.
Бириң –кыздын улугу,
Бириң — кыздын тунугу.
Бириң — дутар, бириң — кыл,
Бириңе айтсам, бириң бил.
Бириң — жакут, бириң — бер,
Бириң — чынар, бириң — бак,
Кол комуз чертем, ыкчам кел.
Бириң — булбул, бириң — шак.
Бириң — нават, бириң — кант,
Экөөңдөн күйдүм дак.
Бириң — гумча,1 бириң — гүл,
Бириң — дүйнө, бириң — бүр.
Бириң — чылым, бириң — най,
Бириң — жылдыз, бириң — ай,
Экөөңө көөнүм жай.
Бириң — өрдөк, бйриң — каз,
Бириң – өлөң, бириң — саз,
Кел бололук моюн саз2,
Мынча эле кылдың маган наз?
Бириң — кыздын шайыры,
Бириң — кывдын байыры.
Бириң — уста жүзүгү,
Бириң — кыздын түзүгү.
Эжелүү-сиңди, эки кыз,
Эзилтесиз мынча сиз?
Элиңде күйүп жүргөн — биз.
Эжелүү-сиңди ээрчишип,
Бириңди-бириң желпишип,
Тойго бардың, гүл кыздар,
Эрте жүрүп, кеч келчү
Жолго бардың, гүл кыздар.
Эжелүү-сиңди окшошуп,
Ырдадым көңүл токтотуп.
Пар келишкен өзүңөр,
Барпыга дары сөзүңөр.
Ырдап өтсөм, кайрылып,
Тиктеген чолпон көзүңөр.

Ой-пикирлер