Кирүү

Асан Жакшылыков. Насыят

Бул ый эмес–ыйды жеңген кайраттай,
саяпкердей, жаздым атпас мергендей.
Кара Молдо майдалыкка жалгашпай
кыргыз күчүн жар салууга келгендей.

Күү төгүлөт, ушул ыргак үзүлбөй
түшүп барып өлүм жаткан тереңге
атып чыгат!–айбатын көр, күчүн көр,
күү ободо эркиндиктей сермелет.

Комуздагы бул жүрөктүн добушу
кайгы-муңун жеңип чыккан–жеңилбес!
Кудуреттин көкүрөктөн оргушу
калк ичине жазгы үрөндөй себилет.

Комуз күүсү жеңил желпи шаттыктан
жогор туруп, касиети бөлүнүп,
даңазалап түбөлүктүү жаштыкты
ай толгондой асманымдан көрүнөт.

Жер менен Күн, Өлүм менен Өмүрдүн
тогошконун туюндурган күч мына!
Сырын төгүп бөксөсү көп көңүлдүн
сынаар болсоң кубатыңды бүт сына!

Уккан сайын демөөр алып, дем байлайм
Уккан сайын уккум келет кайрадан
Тереңдеймин, тазарамын, ташкындайм,
күүнүн бүтпөс жашоосуна айланам.

Ой-пикирлер