Кирүү

Накыл

Актан бүткөн амирди,
Эч бир пенде биле албайт.
Жетесизге кеп айтсаң,
Мойнун бурап тил албайт.

Саратан кетпей тоң болбойт,
Назардан калган чоң болбойт.
Эл менен эрсиң азамат,
Элсиз ишиң оң болбойт.

Кушту учурган пар болот,
Эрди учурган зар болот.
Жүкчүл төө нар болот.
Боло турган жигитте,
Намыс менен ар болот.

Атадан каргыш алгандар,
Акыры барып кар болот.
Өрдөк учса каз калбайт,
Жакшы адамдын белгиси,
Ортодон ушак сөз өтсө,
Билмексен болуп эске албайт.

Кеп сүйлөбө, ойлонбой,
Акыл чыкпайт толгонбой.
Акылман чыкса калкыңдан,
Алтындан чеп коргондой.
Өмүр өтөт, токтобойт,
Ар бир көргөн күндөрүң,
Бир-бирине окшобойт!.

Жаман кыздын сыягы:
Мокок болгон ороктой.
Баланча ишти кыл десең,
Буртуюп коёт тоготпой!..
Айылдап кетет талпактап,
Эптеп көйнөк тиге албай
Этек-жеңи салпактап.
Ойку-кайкы кептери,
Тартиби жок жалжактап.
Өөдөсүнүп, керейет,
Өзүн койбой салмактап.

Жакшы кыздын сыягы:
Алтындан соккон жамбыдай,
Адеп менен сүйлөсө,
Ар адам тилин алгыдай.
Келбет, тулку келишкен,
Көркүнө көзүң каңгыдай.

Жаман болсо алганың,
Кутулбаган балаага,
Кудай салса калганың.
Жарасы бүтпөй жатканда,
Жаңырат жаңы жаңжалың.
"Булар эмне болгон" деп,
Беймаза болот балдарың.
Жарыбагыр, кургур деп,
Жадыңдан кетпейт арманың.

Эр кадырын бек тутат
Ыйманы бар ургаачы.
Айнектен артык таптаза
Кармаган казан, тулгасы.

Өйдөгө арык жүрө албайт,
Өксүгөн пенде күлө албайт.
Өлөөрүн адам биле албайт,
Өзү баш бала тил албайт.

Ой-пикирлер