Кирүү

Жусуп Баласагын. Соодагерлерге карата мамиле

Дагы бар соодагерлер, күнү-түнү,
Максаты өз пайдасын көздөп жүрүү.

Киреше үчүн тынбастан дүйнө кезет,
Бир кудайга ишенип өмүрү өтөт.

Мамиле түз аларга, келиш-барыш,
Сураса бер, болгонуң алыш-бериш.

Керектүүлөр арзыган анда делет,
Эл издеген асылды алар берет.

Чыгыш менен Батышты өтөт басып,
Керектүүнү жеткирет сага ташып.

Түрлүү-түмөн табылбас буюмдарды,
Табасың соодагерден сен аларды.

Соодагерлер болбосо аалам кезген,
Кара кештен тонуңду кийет белең?

Келбесе Кытай жактан баалуу кербен,
Шайы, мата сен кайдан алат элең?

Жүрбөсө соодагерлер дүйнө кезип,
Кимдер көрмөк берметти койгон тизип!

Санай берсе баарысын жетбес эсеп,
Тилиң катып, санагың келбей кетет!

Соодагерлер табышат сураганды,
Достошуп, ачык карма дарбазаңды.

Ачык болуп, кабыл ал алар келсе,
Жакшы атагың таралат алыс жерге!

Ааламга ат чыгарар мына ушулар,
Жаман, жакшы атыңды жаят булар.

Азбы-көппү буюмун кылса тартуу,
Жандырмагын кубантар кылган жакшы!

Пайда-залал кай жерде-алар билет,
Аралашсаң пайдасын арттыруу эп.

Көптү көргөн адамдын айтканын ук,
Ааламды аралаган жер кыдырып:

"Жаям десең ааламга жакшы атыңды,
Сыйлагын жолоочуну, мусапырды!

Адилеттүү атыңды жаям десең,
Соодагерге ачык кол болсоң экен!

Атак алгың келеби, билгин анда,
Мусапыр, кербен келсе-сыйың камда!"

Соодагерге түздөсөң мамилени,
Атак-даңкың аралайт бүт дүйнөнү!

Ой-пикирлер