Кирүү

Айт, айт десе

Айт,айт десе токтолбой,
Ашуудан шамал соккондой.
Аксы менен Таласты айт.
Көкчө менен Манасты айт,
Күн жүгүрүк канатты айт,
Күйгөн элде санатты айт.

Өтө кызыл манатты айт,
Өткөн элде санатты айт.
Ат үстүндө китепти айт,
Муну окуган молдону айт,
Кууганды айтпай, жыкканды айт.
Болуп өткөн тарыхты айт,
Жалганды айтпай аныкты айт.

Акындардын ырын айт,
Акылмандын сырын айт.
Кедейлердин муңун айт,
Балбандардын күчүн айт.
Арыстандын сүрүн айт,
Булбул торгой үнүн айт,
Чөбүн айтпай гүлүн айт,
Туулуп өскөн жериңди айт,
Куттуу кыргыз элиңди айт.
Тоскоолдун көлүн айт,
Суусамырдын төрүн айт,
Атан төөдөй эрди айт,
Аргымак тууган бээни айт.
Жүк көтөргөн төөнү айт.
Конодон чыккан күлүктү айт,
Карышкыр алган бүркүттү айт.
Алганды айтпай бергенди айт,
Душманды жеңип келгенди айт.
Бурма темир, сом темир,
Бурбай соккон устаны айт.
Буркурап жааган булутту айт.
Кырга капкан салганды айт,
Кызыл түлкү салганды айт.
Жонго капкан салганды айт,
Жолборс атып алганды айт.
Көз мелжиген бийикти айт,
Анда жүргөн кийикти айт.
Керилип кетмен чапканды айт,
Адал дүйнө тапканды айт.
Таттуу болгон өмүрдү айт,
Өзгөрүлгөн көңүлдү айт.
Мергенчинин көзүн айт,
Карыянын сөзүн айт.
Күмүштү айтпай, алтынды айт.
Азамат тууган катынды айт.
Ашкебини сөгүп айт,
Акын болсоң төгүп айт.
Ак караны ылгап айт,
Жүрөк менен жыргап айт.
Эмгекчини мактап айт,
Жатып ичер бузукту
Какшык сөзгө кактап айт.
Адилетти коргоп айт,
Арамзаны кордоп айт.
Ак болоттун бөркүн айт,
Ала-Тоонун көркүн айт.
Ач албарстын курчун айт,
Ата-бабаң журтун айт.

Ой-пикирлер