Анатай Өмүрканов. Айылдык келиндер
Кимдер мындай көзгө сүйкүм сезилмек?!
Кечке чейин талаада иштеп безилдеп.
Келер менен үй жумушун бүтүрүп,
Этеги элек, жеңи желек лепилдеп.
Улууларды, карыларды барк алып,
Урмат менен, ызаат менен жалтанып.
Айлымдагы Апа көргөн келиндер
Салт келатпай келатышат салтты алып.
- Ж. Боконбаев - Периште
- Жоомарт Бөкөнбаев. Ажал менен ар-намыс
- Сүйөркул Тургунбаев. Эне кубанычы
- Барпы Алыкулов. "Мырзайым"
- Барпы Алыкулов. Ак кымкаптан тон албайм
Ой-пикирлер