Байтемир Асаналиев. Мен күлкүчү булакмын
Мөлтүр кашка булакмын,
Мөңкүп тоодон кулапмын.
Салам айтып баарына
Сапар жолум улапмын.
Жылаажын үн булакмын,
Жылга менен чурапмын.
Керемет кооз гүлдөрдүн
Келет баарын кубанткым.
Мен күлкүчү булакмын,
Дайым шатмын, куунакмын.
Тамылжытып гүл өңүн,
Тазалыкка ынакмын.
Жай-кыш тынбай агамын,
Жагымдуу обон саламын.
Кумга сиңбей,
деңизге
Куйсам деген талабым.
- Жусуп Турусбеков. Каракчынын трагедиясы
- Мидин алыбаев. ыйлабачы
- Асан Жакшылыков. Дүнүйө
- Байдылда Сарногоев. Жаштарга
- Барпы Алыкулов. Эр жигитке сын
Ой-пикирлер