Кирүү

Жусуп Баласагын. Усталарга кандай мамиле керек

Дагы бар өнөрү артык уста жандар,
Аларды өнөргө маш колу багар.

Булар дагы керектүү жандар сага,
Өзүң үчүн аларды жакын кара.

Темирчилер, өтүкчү, бычмачылар,
Боекчусу, жебечи, жаачысы бар.

Ааламда кооз буюм ушулардан,
Таң каларлык жасалга усталардан.

Санай берсе узартып созом кепти,
Маанисин өзүң ула, бүттүм сөздү.

Булар менен болгунуң карым-катнаш,
Кубандырсаң аларды кубанч качпас.

Кызматы үчүн акысын кылгын белен,
Ичир, жегиз, казаның болсун кенен.

Ошондо сага айтылбайт ушак-айың,
Атак-даңкың бөксөрбөй турат дайым..

Жакшы айтыптыр бир адам көптү билген,
Ак жүрөк, адамдарды жакшы көргөн:

"Жакшы жашоо көздөбөй,-атак көздө,
Жакшы атагың артык го тирүүлүктө.

Өзүң өлсөң артыңда атың чыгып,
Жакшы болсо атагың, жашоо кызык.

А кокус өз атыңды булгап алсаң,
Анда артык бул жашоого туулбаган!

Өмүр эмес, атыңды ыйык сакта,
Түбөлүктүү даңк болбойт мындан башка!"

Ой-пикирлер