Кирүү

Автандил Арабаев. Ким экен

Ким экен...

Саймалуу топу бир укмуш.
Кырк тарак өрүм чачтары.
Ак жуумал, жазы маңдайга,
Осмолоп чийген каштары.

Бакыттын чачып шооласын,
Балбылдап жанат көздөрү.
Махабат ырын төккөндөй,
Сүйлөсө – "шакар" сөздөрү.

Көк-жашыл шайы, ак-сары,
Атилес көйнөк кийинген.
Ак таңдай ачып ажарын,
Мойнунда бермет тизилген.

Каухардай таштан көзү бар,
Колунда күмүш билерик.
Бир сүйүп өтүү – миң арман,
Кучактай калып, имерип.

Ырын да арнап, кат жазып,
Арманда, күйүт, азап жеп,
Кыз жүрөк сүйүү ачкычын,
Аңдыган эле жигит көп.

Кол жетпей, ойдо эңсеген,
Кылыгы кызык ким экен?
Калбады жүрөк эзбеген.
Ал кызга жетээр ким экен?

Жаштык да, шаттык жарашкан,
Чүрөктөй сулуу ким экен?
Тагдырдан таалай талашкан,
Армандуу жигит мен бекем...

Ой-пикирлер