Рамис Рыскулов. Таасиримди туюшат
Ысык-Көлдөй терең болдум
Чөгүп ойго,
Ала-Тоодой бийик болдум
Чыгып тоого.
Үн чыгарсам капчыгайда
Кайта баштап
Жаңырыктар алда кайда
Кайталанат.
Атым мага башын бурган,
Карышкырлар тиги кырдан
Жытым туйган.
Таасиримди беремин
Алыстарга.
Түшүп келем бул турмушта
Жарыштарга.
- Тоголок Молдо. Гүл ойрон
- Сүйүнбай Эралиев. Эне
- Нурмолдо. Наадан менен пайгамбар
- Сүйүнбай Эралиев. Зонадан көчүргөндө
- Жоомарт Бөкөнбаев. Кыргыздын ала - тоосу
Ой-пикирлер