Кирүү

Сүйүнбай Эралиев. Кузьменконун сүйгөнүнө жазган катынан

"...А түн анда келип жетчү жерине,
Токтой калган, таң тарапка сунулбай,
Эки жагын аңдый карап, эрине
Чыккынчылык кыла турган сулуудай.

Баратканда төшүн жиреп жалындын
Байкабапмын бар экенин жанымдын,
Кийин сезип: "Өрттү өчүрөм, анан ал?"–
Жаратканга өз ичимден жалындым...

Өтүнүчүмө "Жок" деген жок жараткан,
Убадама мен да туруп акыры,
Кайтпас жайга мына кетип баратам,
Алганымдай шашылыштуу чакыруу.

Мага абийрим: "өрттү барып жеңгин!" деп
Буйрук берген, ал болуучу Жетекчим,
Анын туусу турган кезде желбиреп,
Алып калбайт болчу өлүмдөн мени эчким.

Артта азыраак өмүр калды, карасам,
Жамандыгы, жакшылыгы иргелбей.
Мен жарыкты эрте таштап баратам,
Күн чак түштө метрого киргендей.

Алгансыды бетин чүмкөп бекемдеп,
Башта сүйчү бу дүйнөнүн асманы...
Тилек кылам: "Күлкүм калар бекен?" деп,
Жаш булактын добушунда жаздагы.

Анткендигим сагынычтуу санаамдай
Ыйык сактап жүрөр элем бул жерди...
Чыгыш калкы салтта сөйкө салгандай,
А мен сага бербей кеттим бир белги.

Сүйүү бизге карпа-курпа тез келип,
Кайра кетти, кеткен жагын сезбедик.
Канттик эми... аман калган АЭС да
Анан өзүң–мага тирүү эстелик.

Күнгө ырахмат, жарык берди, жылытты,
Сууга ырахмат, чаңкаганда кандырды.
Көккө ырахмат, биз кезикчү кечтерде,
Сулуу, сулуу жылдыздарын жандырды...

О кең Дүйнө, көз ынтызар кароого,
Ой ынтызар, кучагына ороого!
Дүйнө деген же сенсиңби боз чымчык,
Уя жасап, учуп-конгон короодо?!"

Ой-пикирлер