Кирүү

Омор Султанов. Кош, ысык-көл

"Кош, Ысык-Көл, жолугушуу алдыда
Кош, толкундар, силер да аман калгыла
Көрүнбөгөн бир бөксөрүү, бирде өсүү–
Энчиленген биздин кербез тагдырга.

Күтөт мени кездешүүлөр белгисиз
Аман болсок эчен ойноп келербиз.
Бакытыңдан ашыгыраак канчалык
Көз көрүшүү–алтын баага теңегис.

Мен сезимдин эркине эрте багынып
Жүрдүм мында салкыныңды жамынып.
Апакемди кээде эсимден чыгарып
Асты унутпай сени эстеп сагынып.

Жүрөм толуп көңүлүмдө байлык бар
Сен берелек, мен алалек кайрыктар.
Алып бүтпөс агып жаткан кенчимдей
Аны албаган мен-өзүмдө айып бар.

Мейли албасам, болсун аман алтын баш
Алып коер бизден кийин келчү жаш.
Көл алдында перзенттик бир милдет ал–
Көрүшөбүз кайгы, кубанч аралаш.

Жаштык деми кеч ойнотуп ээлентип
Кайда кетип, кайда барып келбедик.
Биз турмуштан бийик, жапыз күн көрдүк
Көлдө турду былк этпеген тереңдик.

Катуу түштү, жумшак түштү жолубуз
Кээде кыска, кээде узарды колубуз.
Качан, кайда жүргөндө да бир болду
Сени менен чырмалышкан оюбуз.

Болдум далай чоочун өлкө, чет элде
Мага сендей табылган жок эч жерде.
Калган жашты сага аманат калтырып
Жолугуу үчүн кош айтышам кетерде.

Кош, Ысык-Көл, көз көрүшүү алдыда
Кош толкундар, силер да аман калгыла.
Түгөнбөгөн бир бөксөрүү, бирде өксүү
Буйруп калган биздин учкул тагдырга.

Ой-пикирлер