Мидин Алыбаев. Өмүркул Жакишевге
Эч ким чыкпаган соң сындап,
Халтуранын кашка чымыны–
Учуп жүрөт дыңылдап.
Кээ бирөөлөрү сынчылардын–
Тим эле, мурдуна конот ыр-ырдап.
Эгер Өмүркул шыйпанып койсо,
Бир чымындын буту сынмак.
Ошондуктан унчукпайт,
Өмүркул сак, Өмүркул кылдат...
- Абдрасул Токтомушев. Какшаалдан кат
- Колхоз жөнүндө
- Барпы Алыкулов. Ала-тоо көрккө келбейт, эл болбосо
- Сүйүнбай Эралиев. Мен–кыргыз
- Акыйнек
Ой-пикирлер