Кирүү

Анатай Өмүрканов. Айылым

Айылыма барарымда аптыгып,
Апамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып,
балбалактайм бар жогумду унутуп
балальпым келүүчүдөй бастырып.

Башыңдан Күн, аягыңдан Ай тууп,
турсаң керек тукабадай кулпуруп...
Жерге бутум жетпей учуп баратам
аска чапчып аккан суудай жулкунуп.

Бактан булбул, кырдан таңшып улары,
баягындай күнүң батып, чыгабы?
Карегинин каруу-күчүн алдырган
караны тоо Апам күүлүү турабы?!

Карылардын караандары бириндеп
калды деген кепке көңүл ириңдеп...
Кайрийет деп кайра кайраттанармын
аларга окшош балдар чыкса күлүңдөп.

Кандырып бүт какшап жаткан талааны,
сууларың да мурункудай агабы?
Табаламбы Оңолбектей курбуну
Абжалбектей аруу көңүл аганы?

Көңүл түтөп, көздөрүмө жаш ала,
куран окуйм барар менен атама,
Кудай таала, шыр кыла гөр жолумду
мага жана мен багыштаар батага.

Улам-улам уул-кызымды "турба" лап
кан жол деген кара жолду бир карап–
катууласам апам турган айылым
Ай түнөгөн алтын тоодой нурданат.

Кылым кырккан кызыл аска, адырың,
кайталашаар бабалардын бал ырын...
Ата-энемдей дайым мага ыйыксың
Ата-энемдин жыты калган айылым.

Ой-пикирлер