Кирүү

Анатай Өмүрканов. Сүйгөн жарга

Өзүң менен жолугушпай калганда,
Өмүрүм бүт өтмөк экен арманда,
Бактылуумун бул дүйнөгө жаралып
Сени менен кол кармашып калганга.

Колдорубуз бөлүнбөсүн эч качан,
Чыгыштан күн чыга берсин тынбастан,
Күчүмө күч кошуп турсун дайыма
Каректериң–
кабак түйсөм жыргаткан.

Жүрөгүбүз бирге соксун балкылдап,
Кадамыбыз кетсин алга шартылдап,
Бир жүрөлү көлдөгү жуп аккуудай
Күн алдында, Ай алдында жаркылдап.

Бирдеме деп сүйлөчүлөп
такыбачы,
Жүрөк сүйлөп турган кезде сөздүн азы
кандай жакшы!
кандай жакшы!
Жүрөгүм бир сүйүнүп согуп турат,
жашасын ар-ар кимдин махабаты!
Сыйкыр карек,
сыйдам жүзүң,
Сымбат денең
жуурулушуп турат мына
мени менен,
сөз сүйлөөгө болобу ушундай бир
ушундай бир мүнөттөрдө көлкүлдөгөн?!
Дем чыгарбай тыңшайлычы
жүрөк сөзүн
жүрөктөшүм–
ар-ар кимдин ушундай күнү өтпөсүн!
Мындай кезде
сүйлө дебе
бүткүл дене
ансыз деле
сөзгө айланып "Сүйөм" деген
коргошундай
көлкүлдөп эригенде.
Сөздүн күчү жетпейт буга
андан көрө
жүрөктөрдүн кагышына
көңүл бөлө
тынч туралы...
эч качан түгөнбөгөн
эч качан азайбаган
эзелки ырды угалы...

Ой-пикирлер