Булбулдун ыры
Үнүмө ашык уккандар
Үндү уулап чыккандар.
Үйүн таштап чыгышат,
Үнүнө ашык куштарлар.
Үнүму угат жигиттер,
Үнүмө болуп үмүткөр.
Үнүмун таттуу экенин,
Угуттуу күкүк сүйүп көр.
Үнүмө чаңкайт акындар,
Үнүмү баалайт жакындар.
Үнүму үндөй улаган,
Улагалаш акын бар.
Бар куштар угуп үнүмү,
Бүтүндөй колдоп ириги.
Сойлошуп келип жыландар,
Сорсом дешет тилими.
Соргула келип тилими,
Соралбайсын үнүмү.
Жакшылыкка арнаймын,
Жашоодогу кунумү.
Булбулдун ыры, Токуш Чолпонбаев
- Барпы Алыкулов. Өзү каар, тили заар кыз
- Рамис Рыскулов. Генийдин табияты
- Анатай Өмүрканов. "Бар бол" ырлар жыйнагынан жүрөк сөзү
- Абдрасул Токтомушев. Какшаалдан кат
- Темиркул Үмөталиев. Кубат (поэма)
Ой-пикирлер