Анатай Өмүрканов. Тоолор жана чоң атам
Жашыл тоодон жакшы адамдар өтүшкөн,
Жашыл тоодой аты калбай тарыхка.
Учурунда алар тоодой иш жасап,
Учурунда жарашса да намыска.
Улуу тоодон улуу адамдар өтүшкөн,
Улуу тоодой изи калбай тарыхка.
Убагында укмуш баатыр аталып,
Убагында кетсе да ысмы алыска.
Кармаштарда кансыраган чоң атам,
Кайрат, сүрүн катып кеткен сайыңа,
Ошондуктан бизге намыс-ар берип,
Ошондуктан силер сүрдүү дайыма.
- Жусуп Баласагын. Акындарга карата мамиле
- Автандил Арабаев. Барын бир күн ичтен туюп жүрөмүн
- Мидин Алыбаев. "Ак чүч!..."
- Табылды Муканов. Бейпил түндө, майданда
- Токтогулдун өлүм алдында ырдаганы
Ой-пикирлер