Кирүү

Жоомарт Бөкөнбаев. Жылан менен бака

Ийнинде жаткан жылан сойлоп чыкты,
Ийрилип, көп толгонуп ойноп чыкты.
Топтошуп суу четинде чардап жаткан
Жутууга бир баканы ойлоп чыкты.

Аралап жашыл чөптү келе жатты,
Астыртан бака сууга кире качты.
Арбоого ал баканы амал менен,
Айлакер жылан дагы сөзүн айтты:

"Бака-бака балчак,
Башың неге жалпак?
Баатыр бака болсоң да,
Башкалардан жалтак.

Бутуң неге ийри,
Көзүң неге тосток?
Дос болобуз экөөбүз
Сыр алышып турсак.

Ийри буйру бутуңду,
Түз кылайын, оңдоюн,
Жутам десем досумду
Өмүрүмдө оңбоюн.

Тосток болгон көзүңдү,
Оң кылайын, эмдейин,
Жалпак башың оронот
Эң асылын селденин.

Көркүң чыгып жайдары
Сулуу бака болосуң.
Көрүнгөндөн жашынып,
Коркконуңду коесуң.

Келгин, бака, жаныма,
Бир берейин батамды,
Бардык күчтү жумшайын
Сактап жүргөн качанкы".

Сыр чечип, айтканына көндү бака,
Жылмайып суу ичинен күлдү бака,
Жылуу сөз укканына сүйүнгөндөй
Жыланга тилек менен келди бака:

–"Тынбай казан көтөрүп
Башым жалпак болуптур,
Жайдак атка көп минип
Бутум ийри болуптур,
Кароолду көп карап
Көзүм тосток болуптур.

Ушул көздөн уялып
Суудан чыкпай жүрөмүн,
Ушул буттан уялып
Жерге баспай жүрөмүн.
Ушул баштан уялып
Элге батпай жүрөмүн.

Эгер бутту түзөтсөң,
Айтканыңа көнөйүн,
Башка селде чалынып
Бир көркүмө келейин,
Эгер көзүм оңдосоң,
Бүт дүйнөнү көрөйүн.

Көмөк көрсөт жакшылап,
Достугуңду билейин,
Жандан коркпос эр болуп,
Жайдары басып жүрөйүн.
Кулаалынын, күйкөнүн
Бир азабын берейин".

Деп айтып бака сууда чардай берди,
Оп тартып аны жылан арбай берди.
"Ал эми батаңды бер" деген кезде,
Арбаңдап бака оозуна кирип келди.

Умтулуп сойлоп келип жылан жутту,
Баягы түзөйм деген ийри бутту.
Бакырып бака шордуу эстен танып,
Басылбай бир кыйлага ьйлап жатты.

"Дос элек, жутпа мени, калтыр" деди,
"Бузбагын досчулуктун салтын" деди,
Аңгыча алкымынан жутуп алып,
Акырын жылан ары сойлоп кетти...
1937-ж.

Ой-пикирлер



2020-02-18
Эльдан
Билим ийне менен кудук казгандай