Кирүү

Жусуп Баласагын. Акындарга карата мамиле

Акындар бар кызматы алардын сөз,
Адамды мактайт, сөгөт тартынбай эч.

Алардын тили кылыч-миздүү өткүр,
Алардын ою ичке, чачтай жиптир.

Уккуң келсе учкул сөз, ойду көркөм,
Булардын сөзүн угуп, көңүл бөлсөң.

Алардын акыл-ою деңиз сымал,
Сөз бермети, гаухары өнүп чыгар.

Мактаса алар кимди- алат атак,
Жамандаса кимди алар- уят, азап.

Достошуп алар менин жакындагын,
Тилине илинбегин акындардын!

Мактоого татыйм десең, акылманым,
Алар менен сыйлуу бол, өзүң дайым!

Сурайбы- аябастан көрсөт сыйды,
Сактап кал уулуу сөздөн сыймыгыңды!

Ой-пикирлер