Жолон Мамытов. Махаббат дабасы
Мен үчүн жаралгансың бул турмушка,
Сезимтал махабатка болуп даба.
Окшошсуң асмандагы бир жылдызга,
Жок, жалган. Жылдыз өзү окшош сага!
Мен сени тоодон өскөн шамал деймин,
Кыдырган бул ааламды куунап, эркин.
Сен ошол сапарыңдан аман келгин
Жашоомду жагалданткан, кымбат селким!
Аз күнгө көрбөй калсам илдет чалды,
Сүйүүңө байланышкан айыкмайым.
Мен үчүн андан ашкан милдет барбы
Термелген толкундагы кайыктайым!
Өзүңсүз бул өмүрдүн жок кызыгы,
Билсем да алда сонун жылдар барын.
Жүрөктө сагынычтан чок кызыды,
Гүл болуп маңдайыма ыргалганым!
Мен үчүн жаралгансың бул турмушка,
Сезимтал махабатка болуп даба.
Окшошсуң асмандагы бир жылдызга,
Жок, жалган. Жылдыз өзү окшош сага!
- Алыкул Осмонов. Жумушчу
- Асан Жакшылыков. Эл кенчи
- Рамис Рыскулов. Ырдесте
- Алыкул Осмонов. Маляр
- Табылды Муканов. Бороон менен дайра
Ой-пикирлер