Кирүү

Байтемир Асаналиев. Кимиси балбан?

–Мен күчтүүмүн!–деп Мурат,
–Мен күчтүүмүн!–деп Турат.
Ортосунда экөөнүн
Пайда болуп эрегиш,
Чыбык аттар ойдолоп,
Башталды эми эр эңиш.

Мурат тартты Туратты,
Турат тартты Муратты.
Аттарынан кулашты,
Экөө бирдей сулашты.
Карап турган бөбөктөр:
–Ким жыкты?–деп сурашты.

Ой-пикирлер