Кетти Залкар
Кетти Залкар...
(СССРдин Эл артисти Капар Медетбеков агама)
07.11.1930 - 25. 06. 2012-ж.ж.
2011 - жылы Манас чокудан,
Канат жайган – Залкарым!
Театрдын дүйнөсүндө,
Анык балбан – Залкарым!
Кең Таластын боорунан,
Жарып чыккан - Залкарым!
Кең Ааламга – Лир! - болуп,
Жанып чыккан – Залкарым!
Тоолуу Нарын сахнасын,
Көкөлөткөн – Залкарым!
Кыргызымдын мендей кызын,
Бөпөлөткөн – Залкарым!
Далай – далай жаштарга,
Насаат болгон – Залкарым!
Кылымдарга кымбат ишиң...
Казал болсун – Залкарым!
Эмгегиңди эл унутпай,
Дастан болсун – Залкарым!
27 – июнь. 2012 – жыл.
КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзуну мүчөсү,
актриса, акын – драматург Ч.Калыбекова.
- Ниязаалы молдо Эсенгул уулу
- Табылды Муканов. Өмүр Сапары
- Анатай Өмүрканов. Айылым
- Акбар Рыскулов. Камыш ай Канышай
- Акын жана коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекованын чыгармачылыгы
Ой-пикирлер