Шайлообек Дүйшеев. Карагайчы кемпир

Энем Канымгүлдүн элесине эстелигим

Кара колдун жаны эле оюктагы,
кароолчунун тамы эле конуштагы.
Кара кемпир бар эле, кара кемпир
"карагайчы кемпир", деп коюшчу аны.

Карагайчы кемпир ал жесир эле,
кайран чалы капкачан эсил эле.
Караан кылып карманган жалгызы да
кара шыйрак каргадай жетим эле.

Жетим бала. Жетим там, Жесир эне,
жер үстүнүн тооп кылып четин эле
Эсен-аман жүрүшчү,эл катары,
эл катары өмүрүн кезип эле.

Канын басып кайгырса жаратынын,
канат кылып кайрылса канатынын.
Калдаңдаган ал бала баласы эле
карагайчы кемпирдин баласынын.

Жону калың дүйнөнү койгулаган,
жоош сары бала эле болбураган.
Жоготчудай эрмешип энесинин
жолго чыкса этегин Чойгулаган.

Жоругу бай жомогу "жалгыз мунун,
жолдош кылган жанына жалгыз мунун.
Жоош сары бала эле болбураган,
жоош сары бала эле барбык мурун.

Жакшылыкка жалынып элге келген,
жашап жүрдү ал кемпир элбең-элбең.
Таңдан кечке кашында каралдысы
таноолору дердеңдеп эрбең-эрбең.

Оолак калып оокат деп тербеңдеген,
оолак калган күнүнө термелбеген.
Ошол кемпир билинбей жашай берди,
ошол уулун жетелеп эрбеңдеген.

Каткалаң жол бычактын мизине окшоп,
караган чий караңдап кишиге окшоп.
Караңгыдан капчыгай суурулганда
карагайлар тарактын тишине окшоп.

Кайыңдыдан кар келчү калкылдаган,
кабар келчү кар менен айтылбаган.
Тегеренип эшикте аяз турчу
терезеден киралбай калчылдаган.

Кайыңдыдан кар келчү үлпүлдөгөн,
кабар келчү кар менен күн-түндөгөн.
Каалгабыздын артында аяз турчу
казан мешке жеталбай сүлкүлдөгөн.

Куурма чайга көшүлүп, бою жашып,
кубатына кой көңдүн момурашып.
Эне-бала бир өзүм бактыларын
эрмек кылып атканда божурашып.

Үзөнгүлөр үндөктөп ышкырынып,
үйдү көздөй жыңайлак кыш чыңырып.
Үнү чыгып алайды дүлөй кылган,
үнү чыгып аттардын бышкырынып.

Каптал жондон жебедей атылышып,
"карагай" деп караңдап ашыгышып.
Карагайдай кишилер карагайдай
"карагайчы кемпир" деп чакырышып.

Карагайдай кишилер шашылышып,
"карагайчы кемпир" деп бакырышып.
Кара баркыт чапанын кийип-кийбей,
карбаластап кемпир да шашып-ушуп.

Чыкчу тышка чыдабай. Өздөрү кар,
чылбыры кар, кирпиги, көздөрү кар.
Кара мурут "барк" этип карап турчу,
"карагайды сана да, өткөрүп ал!"

Кара кемпир баласын караттырып,
карагайды алчу эле санап-жыйып.
А тигилер аттарын көбүк баскан,
аса байлап салышып таңаштырып.

Анан шашпай жамбаштап жатып алып,
аркы-терки кеп-сөзүн чачып алып.
Кажылдашып картага кирер эле
казан мешти бооруна басып алып.

Кайта-кайта ачылган шише келип,
кайта-кайта арактан иче берип.
Каңылжарды өрттөгөн бир жаман жыт
калкып чыкчу абага ителенип.

Желпигенде жээгинен арак уруп,
"жеңеке" деп жээликчү кара мурут.
"Карагайды жакшылап карап бергин,
карагайдан там берем сага куруп!"

Жеңил эмес, бир нече кабат кылам,
жер төлөсүн бетондоп гараж кылам,
Өйүздөгү орусту жалдаймын да
өзүм болсо башкарып, карап турам.

Эл турат го ээликсем тутамымда,
эски үйүмдү жаз менен бузамын да,
Эшигине ширетип жалаң темир
эң сонун там саламын ушу айылга.

Канатымды кааласам кердиртемин,
катындарга карагат тердиртемин.
Карагайды жакшылап кайтар жеңе,
"карагайчы" деген кат бердиртемин!"

...Кара чырак капшытта каңырсыган,
каланган көң. Чылгоолор саңырсыган.
Жамажайы жайылган ичик-тондо
жалаңкат төш, жалаң көз талымсыган.

Карта. Шамал. Кажышып, ыркырашып,
"кайч" эткен үн. Каалганын тынчы качып.
Таманда кар. Талтайган көлөкөлөр
так айнектин түбүнө шыркыратып.

Калжаң-калжаң караандар алабарман,
каткырыктар кайыштай шалаланган.
Кайта-кайта жаңырып жатчу шыпта
"карагайдан" деген сөз "карагайдан".

Табы тартпай эртеси сүйлөшүүгө,
тартылышып талаанын чүмбөтүнө.
Жөндөп алып аттарын жөнөп кетчү,
жөнөп кетчү карагай сүйрөтүүгө.

Балталарын байланып күпүйүшкөн,
"балч" дедире ак карга түкүрүшкөн.
Жүдөңкү өң кишилер түкүйүшкөн,
жүздөрү көк, көздөрү бүтүйүшкөн.

Караандарын заматта думбалактап
кар басылбай жатчу эле бурганактап.
Кепе тамдын морунан аккан түтүн
кеткендерге жоолугун булгалактап...

Кең айдыңды кар каптап тегиз мүлдө,
кепе тамдын от күйүп эң үстүндө.
Жашап жаткан өңдөнүп кетер эле
жалгыз гана ушул там жер үстүндө.

Байкуш кемпир не кылат, сабаты жок,
баласынан башка анын чарасы жок.
Карагайын кайтарып жүрөр эле
"кайтар" деген бир барак кагазы жок.

Карагайлуу күндөрдү карачы тек,
карагайга калтырган санаты бек.
Кай бирөөлөр баланы тергээр эле
"карагайчы кемпирдин баласы" деп.

Кадимкидей кан-жанын демеп ага,
кайрат берчү сөз керек белем ага.
Карап көрсөң укмуштай угулчу экен
"карагайчы кемпирсиң" деген ага.

"Карагайчы" дегенге муюп эле,
кайта-кайта чай демдеп куюп эле.
Карай берчү эшикке кирип чыгып,
Карай берчү күн-түнү туруп эле.

Карын кагып, муздарын күбүп эле,
кара жанын түйшүккө үйүп эле.
Канча жолу чакырган жерден калды
карагайын карайм деп жүрүп эле.

Балким ошол алыска чакырган бир,
баласына атайлап катылган бир.
Балким ошол... ким билет бактысыдыр
маңдайына акыркы жазылган бир.

Балким ошол... билбеген, билген жолдор,
бактысыдыр бороонду тилген жолдор.
"Каралдым" деп башынан сылап күндө
карагайдын чайыры сиңген колдор.

Балким ошол... балалык кайта жангыс,
алтын чыгар кир колго байкап алгыс.
Балким ошол баланын өмүрдөгү
бактысыдыр эч качан кайталангыс...


Кайыңдыдан кар келди, сабаган кар,
кабар келди кар менен чабагандай.
Карегинде кемпирдин каралдысы,
караганы кемпирдин карагайлар.

А бала не, энесин эгежилеп,
"айтчы энеке, ал дагы келе-би–деп.
Карагайчы байкемдер бизге дагы
карагайдан там салып береби?" деп.

Кара жолдон атса эле алагай таң
карпа-курпа жүгүргөн баладай таң.
Карегинде баланын кара мурут,
карегинде баланын карагай там.

Калдаңдатып кара өтүк, кара шымын,
карын кеччү талаанын аязынын.
Карап уччу чымчыктар чуркаганын
карагайчы кемпирдин баласынын.

Бешим эле, кез эле ызылдаган,
бешим эле, кеч эле чыкылдаган.
Мүрзөлөрдү аралап кеткен жолдо
мүдүрүлбөй жүгүргөн, тызылдаган.

Өөдө көздөй бараткан убагында,
өтүгүндө, шымында, тумагында.
Өкүргөн бир үн чыкты, өкүргөн бир
өмүрүндө, өңүндө, кулагында.

Кара кемпир... ак кемпир... уу-чуу эшик,
карарган Ай. Кар. Шамал. Зуу-зуу эшик.
Кара кепин... Ак кепин... Карагайлар
кара мурут... Ак мурут. Шуу-шуу этип.

Кара кемпир... Ак кемпир... Ачылган кар,
кара кепин... Ак кепин... Казылган жай.
Кара мурут... Ак мурут... Карагайлар,
кара бейит, ак бейит... чачылган кар...

Чачылган кар. Чачылган булут уруп,
кар да кетти карарып, унутулуп.
Бае тилек, үмүтү талкаланган
бала кетти үшкүрүп, улутунуп.

Кар да кетти, кара жол караң этти,
кар да кетти, кар менен бала кетти.
Боздоттурар бейиттин боз шыбактуу,
боз шыбактуу элесин ала кетти.

Чачылган кар. Карды жел козгоп турар,
кайыңдынын шамалы коштоп турар.
Карагайлуу кайкыдан түшкөн издер
карагайчы кемпирди жоктоп турар...

Дагы сунуштайбыз