Кирүү

Турар Кожомбердиев. Апа (поэма)

Модугар элинде аял деген сөз жок,
токсондогу кепирди да, секелек
кызды да, "апа" дешет.
Энесин сыйлабоо укмуштуудай
чоң күнөө, андай кылмыш үчүн
аябаган катуу жаза колдонулат.
("Работница" журналы, 8, 1969-ж)

Сен жөнүндө баштаарымда
ыр ырдап,
Сөздөр жайнап, чегирткедей чырылдап.
Сөздөр чууруп, кумурскадай капташып,
Жылдыз сымал бийиктерден жымыңдап.

Сен жөнүндө баштаарымда ырымды:
Телегейим келе калды төп болуп.
Жалкы нерсем санат жеткиз көп бодуп.
Столумдан сөздөр өсөт чөп болуп.

Калемине тийгизерде колумду,
Гүлдөр көзөп тактайланган полумду.
Чачыратып алтынданган карегин–
Шүүдүрүмдөр жарык кылат жолумду.

Даярданып узак жолго басууга,
Беленденип терең кенди казууга,
Издейм сөздүн керектүүсүн, асылын
Тиштеп көрөм, сала коюп азууга.

Саргаямын,
салам бердик дилимди
Салым кошоор деп үйрөнөм илимди.
Кымындай да кынтыкауу сөз кирбесин
Жыттап көрөм,
тийгиземин тилимди.

Жарты бөлбөй,
жараш керек барыга
Балтыр бешик балага да, карыга.
Көз ооруга сыйпаганга жарасын
Ашык тамчы кошулбасын дарыга.

Бир жал чөптөн, бир ийнени тапкандай
Сокур зергер алтын шакек чапкандай
Шүүдүрүмдүн тамчыларын чогултуп–
Мөлтүр жашка булак кылсам,
аккандай.

Кай бир сапка казык сымал байланып
Мүмкүндүк жок эс алууга жайланып.
Эртели-кеч төрт аяктуу столду–
Эмчек берчүү эне сымал айланып.

Көз алдыман бүт турпатың чубалып
Ырдайм сени...
обонумду чыгарып.
Ойдогусу орундалган немедей
Ойкуп кайкып, учат сөздөр кубалап.

Уйкаштыктар бир-бирине уланып
Адам эмес сөздөр дагы кубанып–
Мелдешкендей жетип келет жарышып
Мени кошкун,
Мени жаз! деп суранып.

Тарс айрылып,
таң каламын азырга.
Сен жылмайсаң дүйнө толуп асылга,
Каректерди ишенимдер уялап
Кара мышык
өңүн бурчу жашылга.

Сен тиктесең, көрөм далай кызыкты
Мөңгү чачат катмарынан
ысыкты.
Кара чаар жылаан уусун жоготуп
Жолборстор элестетти мышыкты.

Аңкыйт сөздөр,
чымкый жашыл өңүндө
Адамдардын сакталсын деп көөнүндө...–
Аз да болсо ак эмгегин актоого
Абан салам, апакебай жөнүндө.

Ырдабаймын,
калыш үчүн сыйланып
Канды түрттү,
каткан сырлар жыйналып.
Сен жөнүндө ырдаш кыйын апаке
Ырдабасам андан бетер кыйналып.
II
Таалайыбыз, ырысыбыз чачылып,
Карындардын турган кези ачынып
Анда турмуш куду бала жууркандай:
Бутту жапсаң, башың калат ачылып.

Көйнөк кирдеп балдар жонун кашынды,
Бейпилчилик таптырбастай жашынды.
Турмуш анда кудум бала жууркандай
Бутуң какшайт,
жабам десең башыңды.

Ошол жылы чыкпай калды эгиндер
Сүткө толбой шалбырады желиндер.
Келе жаткан кыштан чоочуп турушту
Кеткен кейптер, кеберсиген эриндер.

Бүлбүлдөгөн согуштун жай, күздөрү
Бүркөө тарткан апалардын жүздөрү.
Жаралантып жиберүүчү көңүлдү
Жаракадай, ыйдын салган издери.

Апа капа, тойгузалбай "сыйрыгын"
Аткара албай ач курсактын буйругун.
Үч күн болду мордун үстү мемирейт
"Кара мышык" булгалабай куйругун.

Ишке жөнөйт, иштен кайтат ачкарын
"Чыр-чыр" этип нан суранат жаш карын.
Байкап келем, көзү кирип ичине,–
Иреңинен кан жүгүрбөй, качканын.

Кызылчадан күүгүм кайтат майышып
Мени менен кирет тезек жайышып.
"Кана нан!"–деп иним чуркайт алдынан
Карбаластайт,
кабыргасы кайышып.

Кесек нанды алып берип табактан,
Кечиктирбей бирибизди сабактан.
Апам мага кызык адам сезилчүү
Түбөлүккө калып калган тамактан.

Токчулуктар, үйдөн оолак качышып
Үзүмчүлүк, бардар күнгө чатышып
Ошол нанды бөлүп жебей апаке...
... Оозум кетет уу жегендей ачышып.

Катканынан, бизге берип бүтүндү,
Өзү болсо ыроолочу күкүмдү.
Кимдин каны сорулганын ошондо
Кийин-кийин курган башым түшүндү.

Ачкачылык тийди далай салакаң
Нан тийгенде ысып кетчүү алакан,
Коркоор элем манчаларды ачкандан
"Пыр!" деп уча качуучудай балапан...
Эмне сүрдүү
ачка,
нандын сүрүнөн?
Апам алчуу сандыгынын түбүнөн.
Үзүм нандын жүрөгү бар сезилчүү
Уктай албай "дүкүлдөгөн" үнүнөн.

Чүкөдөй нан сурап жатып тапканын
Аңкып жыты,
каңылжаарга жакканын...
Колум ачсам учуп кетип калчуудай
Угуп турам жүрөгүнүн какканын.

...Кайтат иштен, үстү-башын чаң кылып
Анан дагы үй-оокатка кам кылып.
Бөлкө сындуу желсе...
ысык жүрөгүн–
Бөлүп бермек балдарына нан кылып.

Араң гана үрөң-бараң таң аткан
Апам тура ишке шашып бараткан
Энелердин баардыгы тең...
Башкага–
Бакыт жасап бериш үчүн жараткан.

III
Алыс жакта жүргөн болчу каралды
"Апаң оору" деген угуп кабарды.
Шашкалактап тынчым кетип заматта
Билбей калдым кандай айла табаарды.

Келдиң эле араң кырк үч куракка
Сызып барам сен жашаган туракка.
Катуу кабар адеп алат маземди,
Коңуз болуп кирип алып кулакка.

Жанталашып басып келем кыр-кырды
Маң болгондой тыштап тизгин, чылбырды.
Жин тийгендей камчы үстүнө камчы уруп
Жиниктире жаздаптырмын кургурду.

Үй алдында элдер калган топтошуп.
Мени качан келет дешип жоктошуп.
Апам араң чыдап жаткан турбайбы
Кулунуна сөз айтууга коштошуп.

Соолуп... соолуп чалгы тийген ыраңдай
Көзүң деле оттуу турду кыраандай.
Ооналактап арга таппай жатыпсың
Алкымыңдан кырсык мыкчып
жылаандай.

Азыр дале ичке катам арманды
Анда уудуң, араң өзүн карманды.
Айтам дедиң керээзиңди, көз жайнап
Ага бирок табалбадың дарманды.

Бир маал башың мен тарапка ыктады.
Сөз айткансыйт, бирок тыбыш чыкпады.
...Акырындап эриндери агарып
Апам чиркин түбөлүккө уктады.

Чимирилди караңгынын барасы.
Канча киши соолуктаган, карачы
Жалгыз коюп апам менен өлүмдү
Жардамдашып боло албадык арачы.

Ачыштырып, ал кырсыктын жараты.
Сынып калган, сынат өмүр канаты.
Өлгөн күндөн бери мынча болду деп
Өтө баштайт ай-жылдардын санаты.

Тагдыр кээде алып кетет керекти
Алмаштырып берип коет бөлөктү.
Апа сенин алп мойнуңдун ордуна
Улуп-уңшуп кучактадым теректи.

Кыркылгандар,
кайдан дароо жетилди.
Кыялдардын мизи мокоп, кетилди.
Үңкүйүшүп ар кай бурчта отурсак
Үйдүн ичи элестетти жетимди.

Санаа чарчап туюктарга камалды.
Уйку келбей телмиремин,
таң алды.
Үйдүн ичи үңкүр өңдүү коңулдап
Угуп жатам улуп жаткан шамалды.

Сапырылып,
дене түштү чаташка.
Саргыч тартып,
эже түштү чаташка.
Аң–таң болуп,
тилсиз-бутсуз калгандай
Андай үйдү кыйын
үй! деп аташка.

Тузсуз жеген сыяктандык тамакты
Караңгылык уялады кабакты,
Апам кетип,
от ажырап табынан,
Жетим кылды чайнек,
чыны,
табакты.

Бийиктердин жапыздады барааны...
Жүрүп калды мүңгүрөөнүн арааны.
Апам кетип,
казан түбү муз болуп
Жетим кылды тулга менен чараны.

Жетим калды
эт илинчү баканы.
Жетим кылды чыны менен чаканы.
Эч бир нерсе толуктоого жарамсыз
Эң башкынын–
эң башкысы апаны.

Чүрпөлөрүң тололекте эр жетип
Баарыбызды озондоттуң
сен кетип...
Атам алып апа болуу милдетин
Алдей айтып ак бешикти терметип.

Апабыздын жок экенин туюнтуп,
Атам келет кызылчаңды суюлтуп.
"Апакелеп" чыңырганда наристе
Атам жашыйт, сакалдан жаш куюлтуп.

Эч бир үйдү андай кырсык чалбасын
Эч бир бала антип башты салбасын.
Апалары мезгили жок кош айтып
Аталары бешик термеп калбасын.

Сенден минтип калбадыкпы айрылып
Бир биз эмес, бүткүл айыл кайгырып.
Мурдагыдан миң эсе көп сүйөлү
Келип калчы апакебай кайрылып.

Апакебай тура калчы кыйнабай
Жүрөк бир аз тынчып калсын, туйлабай.
Аттигиниң, андан дагы ардактап
Андан дагы назигирек сыйлабай.

Үнүң жаңы келатканда, угулуп
Чуркайт элем эт-бетимден жыгылып.
Көрүндүккө көрсөтчү бир күч болсо
...Көкүрөгүм келет оозго тыгылып.

Калгансыды канаттарым кайрылып
Каңырыгым түтөгөнчө кайгырып.
Канчалары эне баркын билишет.
Калгандан соң түбөлүккө айрылып.

...Тамтык кетип, таянч таппай таканаар
Туш-тушуңан курчап турса капалар...
Омкорулуп баратканда кабыргаң
Ой-санааңан кетпей турат апалар.

Чадыраңдап, чалкып турган кезиңде
Магдыратып, май калкылдап көзүңдө.
Кекээрленип турганыңда айрымдын
Келбей калат апа деген эсиңде.

Мына мындай бир мисалды айталык:
Сен конокто, ууртуңан май тамып...
Апаң анда качан силер келет деп
Тамың менен балдарыңды кайтарып.

Сен мейманда арсалаңдап каткырып
Сөөлөттөнүп, сөздөн бирөөн мат кылып.
Апаң анда чылапчынга кир чайкап
Алдей айтып, балдарыңды жаткырып.

Дөңгөлөнүп, өмүр барат өрүндө.
Урмат менен сый көрмөкпү көрүндө?
Эмне болмок сени менен бир барып
Конок болсо досторуңдун төрүндө.

Куудулданып, кургак сөзгө жылытып...
Эсибизге жара чыксын
курутуп.
Аял менен балабызды көп ойлоп
Айрым кезде апабызды унутуп.

Унтуп койсом бутум турган таканды
Алпештеген, адам кылган апамды.
Андай болсо экинчи ирет дегендей
Ант сыяктуу,
мыкчый кармайм жакамды.

...Балким бул кеп өтүп кеткен тарыхтыр
Бала чакта кулагым бир чалыптыр
Энесине катуу тиктеп койгондон
Орой жигит таштай катып калыптыр.

...Бала кезде аны кулак чалыптыр,
Ал уккан кеп унутулбай калыптыр,
Энесине орой бир сөз угузса
Тагдыр аны тикен кылып салыптыр.

Деги мейли болбойлучу кимибиз,
Кандай гана келгенде да жинибиз
Тикен болуп,
таштай катып калалы
Энебизге кокус тийсе тилибиз.

Кийгизбесең оолак жогот "бөзүңдү",
Мындай тышта ороюраак сөзүңдү,
Мындай тышта капаттанган кыялды,
Жадегенде ачуулантпа көзүңдү.

Эгер кокус ким энесин унутса:
Анын анда унутканы мекенди,
Адам дебейм андай мерес, "бекемди",
Алып кеткин тагдыр андай жекеңди.

Эгерде ким өз энесин унутса:
Анын жүзү болуп калсын түкүргүч.
Каалагандар кетип турсун түкүрүп
Бетин дайым каптап турсун түкүрүк.

Гүл заманда, жамачылуу чапаны...
Эгер кимдер барктабаса апаны...
Ак сакалдуу карыялар наалат деп,
Ага береер тескериче "батаны"

Эгерде ким унтуп койсо энесин:
Эч ким анын сунган колун албасын,
Ар бир эне "таш моло" деп каргасын.
Арт жагында "туяк" аттуу калбасын.

Эгерде ким өз энесин унутса:
Эч ким анын сөзүнө жооп бербесин,
Эч ким аны чакырбасын конокко,
Ал чакырса, эч ким басып келбесин.

Эгер кимдер энелерин унутса:
Ал урунсун кырсыктардын баарына.
Куйкалансын жек көрүүнүн заарына
Демек калсын апалардын каарына.

IV
Баягыдай, короз үнүн улаган
Түндүктөрдүн түтүндөрү булаган.
Баары турат.
Бир гана сен энем жок,
Эркелетип маңдайымдан сылаган.

Тааныш тоолор, далай сыры чечилген
Тааныш торгой,
күүсүн көңүл көчүргөн.
Баары мында.
Жалгыз гана энем жок,
Шоктук кылган чактарымды кечирген.

Гүлдөр тааныш.
Тааныш учкан аарылар.
Тааныш балдар.
Тааныш тиги карылар.
Бир гана сен апам жоксуң жанымда
Турмуш дагы баягыдай,
баары бар.

Сен элең го баарынан көп сагынган–
Баарынан көп карааныман кагылган.
Сен элең го баарынан тез кечирген,
Учурумда,
балалыктан жаңылган.

Бак-таалайга баарыбызды карк кылып
Өмүрүңдү балдарыңа зарп кылып.
Ысымыңды күнүнө үч кайталап
Ырдап жүрсөм аздык кылаар
барк кылып.

Кудуреттин көрчү мындай сараңын
Жүрөт эле аркыраган арааның,
Билбейм анда кандай алда болмокмун
Бир көрүнө түшкөн болсо карааның.

Буурул чачтар пайда болду башымда
Бул күндөрү сен болбодуң кашымда,
Мезгил деген өтөт тура,
бул жылы–
Мен апамдын өлгөн жылкы жашында.

Күн күркүрөп, чагылганы жалаңдап,
Ыраң чөптөр башын ийип, салаңдап.
Сени менен кездешчүүдөй бетеме-бет
Жан-жагымды карай берем алаңдап.

Өзүнчө бир өзөн элең чарбактуу.
Арабыздан алыс кеттиң ардактуу.
Койлор тепсеп жапырайткан мүрзөңө
Койгон гүлүм,
коргошундай салмактуу.

Кабар күтүп, токтоп калам тымызын
Карайм күндүн батыш менен чыгышын.
Улам-улам үмүттөнүп,
кылчактайм
Угулбады шырп! эткен да тыбышың.

Мүрзөң тымтырс. Кесе тиштейм бармакты.
Сезем жондо качыраткан салмакты.
Өбөөр элем, өзүң эмес апаке
Өңү сага кебетелеш "арбакты".

Пайда чыкпайт, канча какшап айталык.
Бейит турат беделиңди майтарып.
Айланалы карегиңдин жанында
Апабызды бергилечи кайтарып.

Өлсөң дале маңдай жагың жарыктыр
Таштын боорун жашыл чөптөр жарыптыр.
Өмүр бою нан кармаган колуңан,
Бейитиңе буудай өнүп калыптыр.

Бир тилек бар эмне чыгат аныман?
Менин мүрзөм орун алат жаныңан.
Жаздаганда кара чымды
менин да,–
Буудай өсүп чыкса алаканыман.

V
Мейли балаң кайсы жакта жүрбөсүн,
Нанын дагы тең бөлүшүп бир кесим,
Асман, жерде, океанда болбоюн,
Ар убакта уулуң менен биргесиң.

Сен биргесиң тагдырыма айкашып.
Күлсөм күлүп, башты бирге чайкашып.
Бирок кызык...
көрбөйт сени адамдар,
Жаныңдагы мени гана байкашып.

Бир-биринин бар, жогуна көнүшүп,
Достор келет кубанчымды бөлүшүп.
Сен жанымда жүргөнүңдү байкабай
Алар кызык,
мени гана көрүшүп.

Жүргөн жокмун мүңгүрөнүп капа жеп
Жүргөн жокмун мүшкүл тартып, жапа жеп.
Антсе дагы катуу чочуп кеткенде
Аргасыздан айтып ийем
"апа" деп.

Катуу шартта,
капысынан чочунам
Дал ошондо тарткан сымал боосунан–
Башка сөздү айтайын деп турсам да
Ошол ысым атып кетет оозуман.

Киргили жок болсо дагы жаканын,
Кириптери болбосом да капанын.
Курсагым ток, кенен-кесир өссөм да,
Жок экенин далай сездим апанын.

Мээримине суусаганда апанын,
Жытын искеп, жамынамын чапанын.
Бир ырымды окубадың апаке,
Мен ушуга абдан-абдан капамын.

Араласаң поэзия–багымды,
Байкаар элең менин ар кыл жагымды,
Көкөлөтүп чынар кылам деп жүрүп
Көрбөй кеттиң жигит болгон чагымды.

...Ашуулардан артка качсам мертинип
Апа сөзү,
коер секин өлтүрүп.
Кээси келсе "апа" деген, төл сөздү
Дем кыламын,
"келме" ордуна келтирип.

Калктын жүгү, моюнума үйүлүп
Калган болсом кабырылып, күйүгүп.
Кабагына кар жаап калат апамдын
Калч-калч этип, муштумдары түйүлүп.

Ак кийимчен, койбойт бир да чечинип
Уулун сынайт. Сөз да катпайт чечилип.
Жеңишимди башын ийкеп жактырып
Жетпей калган арекетти кечирип.

Сүрдөп турсам чоң максатка барыштан
Качкан турсам жан кыйнаган жарыштан
Андайымды жактырбаган мүнөздө
Апам мага сөөмөй кезейт алыстан.

Бутка чулгоом жармашса да чайырдай
Артка кеткен даңгыр жолго кайырбай.
Дагы сермел,
дагы бир аз чыда деп
Дайым апам, көзүн менден айырбай.

Жашап келем кечти көрүп, таң көрүп.
Элесиңди маңдайымда шам көрүп.
Эне гана ушинталмак жадабай
Эртели-кеч баласына кам көрүп.

Ахыбалда болсом дагы кандайда.
Жаркын элес жанып тургун маңдайда.
Жадыбалдай жаттап жүрөм ысмыңды,
Канттай болуп эрип турат таңдайда.

Жетпей калды жеңиштерге санаттар
Тагы калды. Унутулду жараттар.
Кубулушкан алдыдагы максатты.
Кубалоодо шуу! шуу! эткен канаттар.

Алды жактан күндөй жарык түн келет.
Алды жактан шаңга толгон үн келет.
Алды жактан "жетим" деген сөзү жок
Апа баарын жөнгө салчуу күн келет.

Таасын айтам, укугум жок чолушка
Дарбазаны жапмак элдер согушка.
Адам эмес,
жер да токтой калмакчы
Алсыраган,
"апа" деген добушка.

Жылдыздарга багыттантып жебени
Айдайт адам чексиздикке кемени.
Ичим ысып кыскым келет боорума,
Иши кылып "апа" деген немени.

Калыс бийлеп,
калбайт эч ким талаага
Бөлүштүрүү болбойт "өзгө",
"алага"
Эгер кокус керек болгон учурда
Ар бир апа, апа болот балага.

Ой-пикирлер



2021-02-02
А́лим
Оа туура айтаасыз мага дагы Абдан жаккты
2020-02-22
Алина
Аябай сонун экен мен аябай ыйладым