Майрамкан Абылкасымова. Кыргызым
(Бүткүл дүйнөдөгү кыргыздардын өткөн
I курултайына арналган ыр)
Кырдуу, кырдуу замандын
кырын баскан кыргызым,
кыйырларын тарыхтын
кырчып өткөн кыргызым.
Бийик, бийик тоолордо
кийик болгон кыргызым,
кайберенге сырдашып
кайып болгон кыргызым.
Чамгарактуу ааламга
чабыт чалган кыргызым,
чааралекей доорлордун
чаңын каккан кыргызым.
Улуу дайра, давандын
уусун билген кыргызым,
бурганактуу жолдордо
буюкпаган кыргызым.
Каракундуз, Тибетте
каңгып жүргөн кыргызым,
Аданадан, Ван көлдөн
Ата Журтун унутпай
келип турган кыргызым.
Кытай менен Оогандан
үнү чыккан кыргызым.
Мекен десе өзөктөн
күнү чыккан кыргызым.
Нью-Йорктон, Кельнден
барсыңбы деп Ала-Тоом
сары зил болгон сагынчын
айтып турган кыргызым.
Жооштун жоосу көп болот
жоболоңдо бүгүнкү,
чыгара жүр үнүңдү,
кырдууларга кырыңды,
миздүүлөргө мизиңди.
Теңир берип ырысың
жансын эми жылдызың,
жаны бышык элден бол
жарыгым сен, кыргызым.
- Акын жана коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекованын чыгармачылыгы
- Мидин Алыбаев. Ала-тоого
- Колхоз жөнүндө
- Калыгул. "Акыр заман"
- Көнүлүндө туракемди издейт кыргыз