Кирүү

Жолон Мамытов. Ишеним

Мейкиндиктен мен өз үнүм укканмын
Нур сыяктуу тарап кеткен денемден
Мезгил менен чын таймашка чыкканмын,
Бир ал жеңет, даа биринде жеңем мен.
Куюлгандан күндөр кумдай шыркырап,
Бараткандан тыным билбей айланып,

Ички бир үн чочуп,
мага кыйкырат:
"Сен жашайсың убакытка алданып!"
Тирүүлүктүн убактылуу малайы–
Мен
өмүрдү өз жолумча туюнам.
Тиктей берсем эрте жазгы талааны
Көк чытырап, I
булут анда уюган.
Карай берсем жылдыз толо асманды
Бир кудурет түпкүрүмдөн байкалган,
Мен өзүмдү тоо сезгенмин аскарлуу
Кароолчудай бул дүйнөнү кайтарган.

Күн нурунан жашоо жибим уланган,
Мага дайын
бараар жагым кай тарап.
Жаратылыш таалимине кубанам–
Зор табийгат коргойт,
колдойт,
кайтарат.
Миллиард жылдап ташыйт менин рухумду
Ар бир ирет бөлөп алып денемден
Унутулуп
жашаганым
качандыр
Кайталанам,
тирүүлүккө келем мен.
Качан,
кайдан бүткөн мындай ишеним?
Табийгаттан даярдалган жол буган.
Кыйратат да жыңсыздыктын кишенин
Кайталанат
кайра менин
Формулам...

Ой-пикирлер