Токтосун Самудинов. Танда
Турдум таңда эртелеп,
Бетим жуудум шар сууга.
Уяларын сагынган
Келгин куштар кайтууда.
"Чырк-чырк"– этип чымчыктар,
Мага салам бергендей.
Кууп кармайт чымынды
Кудум тыйын эңгендей.
Жарык нурлуу күн тийип,
Жагалданган убак бу.
Карлыгачтар зымдагы
Кир кыпчыгыч сыяктуу.
- Алыкул Осмонов. Мен кыргыздын акыны
- Мидин алыбаев. түгөлбай сыдыкбековго
- Жеңижок (Өтө көкө уулу). Балалык
- Алыкул Осмонов. Неге кечигет (1942-жылдын жазына)
- Алыкул Осмонов. Ысык-көлдө төрт мезгил
Ой-пикирлер