Кирүү

Анатай Өмүрканов. Ала-тоо

Чымын жан чындыгында сен деп чыгат,
Өзүңдү сүйөмүн деп айтыш уят,
Абалтан жаным да сен, каным да сен
Арбагы аталардын сенде турат.

Карааның карап коюш канча кубат,
Өзүңдөн өтсөк болду убап-чубап...
Кай жерде биз жүрбөйлү, кагылайын
Кайдайын сен деп каккан жүрөк туят.

Өзүмө сен жалгызсың ай-ааламда,
Сабылып сагынарым өзүң гана.
Кудурет куттуу күнү кубандырып
Кут чачып, кубат берип турсун сага.

Баркыңды көкөлөтүп дагы бийик,
Баламдын баласы өтөт сени сүйүп...
Жол таппай караңгыда калып калсаң
Жоодурап көзүм күндөй турат күйүп.

Тамчыда бакыт чексиз сага тамган,
Жашаган жараныңда болбойт арман.
Жар болсун урпактардан урпактарга
Ушул көл, ушул тооң, ушул талааң.

Ой-пикирлер