Кирүү

Ж. Боконбаев - Лермонтовдон

Туткун
Караңгыны баштан алып,
Жарык берчи, шат берчи!
Кара көздүү жаш сулууну,
Кара тулпар ат берчи!
Жаш сулууну элден мурун,
Катуу кысып өбөйүн.
Андан кийин атка минип,
Шамал сындуу желейин.
Айдың талаа нур балкыган,
Алыс жерге жөнөйүн!
Бирок дагы бул түрмөнүн,
Терезеси бийик го,
Кулп салынган оор капка,
Курган жанга күйүт го...
Кара көздүү сүйкүм сулуу
Кайда жүрөт болду экен?
Караңгыда мен отурам,
Кара чынжыр колдо экен.
Жашыл талаа чөбүн оттоп
Тулпар атым жүргөндүр,
Же болбосо жүгөн салып
Бирөө кармап мингендир...
Өзүм жалгыз, жолдошум жок,
Куп-куу дубал чар тарап,
Араң гана лампочкадан
Бүлбүлдөгөн от жанат.
Эшик жактан добуш чыгат,
Кароолчулар жатпады,
Тынч түндө мага угулат
Аркы-терки басканы.

Ой-пикирлер