Кирүү

Анатай Өмүрканов. Ыйлагым келет десең

Ыйлагым келет десең,
өкүргүм келип турат...
Ортобузда ок жыландай,
окторулуп ушак жылат,
албарстыдай
көңүлдү эзип
азезилдей муундурат.
Келбетиңе
кемпайлардын өчү бардай
берет сага ууну чылап.
Чикирттеген аппак гүлдөй,
жүрсүң күлбөй
күнүң түндөй
оо жарыгым,
Ыйлагым келет десең
өкүргүм келип турат...

Аруулугуң ууз сүттөй,
коңур күздөй,
сулуулугуң–он сегизде көргөн түштөй,
жаман сөздү мындай койгун
жаман көзгө көңүл түшпөй–
жүргөн кезде ок жаңылган чаарчыктай,
жараланган карлыгачтай,
жан коерго айла таппай...
оо, секетим,
сергиленем
ыйлагым келет десең,
өкүргүм келип турат...
Эзелтеден эстүүгө өч эссиз неме,
билем дейсиң
гүлгө дайым
чогойно кас.
Эгиздей экөөбүздүн ээрчишкенди
көралбай ичи тардын жаны чыгат,
сөздөрүн укпай ак кой,
укчу болсоң тим эле
жинди кылат.

Күн күч алат
сүйүшкөн көз
нурларынан
Күн күч алат...
билем дейсиң...
Келем дейсиң
ушактардын мойнун бурап,
өзүмдү-өзүм
бир сүйүүгө бүлөп-чыңап...

Жаным кубат,
ыйлагым келет десең
өкүргүм келип турат...

Ой-пикирлер